Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Астанада дүйнөлүк диндерге арналган жыйын өтөт


БИШКЕК. 23-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында дүйнөлүк жана улуттук диндердин курултайы болот. Ага эл аралык уюмдардын, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн диний конфессияларынын, дин иштери боюнча мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, саясий жана маданий ишмерлер катышат. Жыйында цивилизациянын өнүгүшүндө диндердин ээлеген ордуна, алардын дүйнөдөгү чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү аракеттерине байланышкан маселелер талкууланат. Бул жөнүндө маалымат бүгүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан алынды. Кыргызстандан Астанадагы жыйынга Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын өкүлдөрү катышуусу күтүлөт.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG