Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

Баткенде «Суу - тынч жашоонун булагы» аттуу долбоор ишке ашты


БАТКЕН. Кыргызстан менен Ѳзбекстандын коңшулаш Чагдак жана Кушер айылдарынын тургундары буга чейин сугат сууну Баткендин Согмед айылындагы булактан пайдаланып келишкен. Суу талаштын айынан алардын ортосунда ар кандай чыр-чатактар чыгып турган. Ушундан улам Фергана ѳрѳѳнүнүн чек ара аймактарында иш жүргүзгөн «Жамааттардын тынчтык демилгелери» долбоору өзбек-кыргыз жамааттарынын «Суу - тынч жашоонун булагы» аттуу биргелешкен долбоорун жүзѳгѳ ашырды. Ага АКШнын Эл аралык ѳнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) акчалай жардам көрсөттү. Сөз болуп жаткан долбоордун жалпы наркы 51214 долларды түзөт. Долбоорго ылайык жаңы насостук станция курулуп, 4992 метрлик суу түтүктѳрү жаткырылып, эки айылдын эли кошумча сугат сууну пайдалангыдай шарт түзүлдү. Долбоордун ачылуу аземине «Жамааттардын тынчтык демилгелери» долбоорунун менеджери Марк Голденбаум, эки тараптагы жергиликтүү бийлик органдарынын жана бейѳкмѳт уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG