Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн монополияга каршы күрөш боюнча жыйыны өтөт


БИШКЕК. 17-сентябрда Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн Монополияга каршы күрөш боюнча мамлекет аралык кеңешинин отуруму өтөт. Анда атаандаштык саясатка жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланыштуу маселелер талкууланат. Учурда Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдарын жакындаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргызстандан Санкт-Петербургдагы бул жыйынга Монополияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Эмил Узакбаевдин катышуусу күтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG