Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Кыргызстанда Тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн командалык-штабдык машыгуусу өтмөк болду


БИШКЕК. 23-сентябрдан 26-сентябрга чейин Кыргызстанда Тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу өтөт. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Машыгууга Тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн командачысы генерал-майор С. Черномордин башчылык кылат. Анда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү менен Тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн терроризмге каршы биргелешкен иш-аракеттери сыноодон өтөт. Орусия Федерациясынын, Казакстандын, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнөн түзүлгөн Тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн биргелешкен алгачкы командалык-штабдык машыгуусу 2001-жылдын апрель айында өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG