Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

В. И. Лениндин эстелиги боюнча коммунисттердин доо арызы Бишкек шаардык сотунда каралганы калды


БИШКЕК. Бишкектеги «Алатоо» аянтынан В. И. Лениндин эстелигин которууга байланыштуу соттук териштирүү Бишкек шаардык сотунда болот. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова «Азаттыкка» маалымдады. Буга чейин Кыргызстандагы коммунисттер премьер-министр Николай Танаевдин ««Алатоо» аянтынан Лениндин эстелигин» которуу жөнүндөгү» токтомун мыйзамсыз деп баалап, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылышкан. Коммунисттер премьер-министрди жана айрым өкмөт мүчөлөрүн 2000-жылы парламент кабыл алган ««Алатоо» аянтындагы В. И. Лениндин эстелиги жөнүндөгү» мыйзамды бузгандыгы үчүн күнөөлөшүүдө. Өкмөттүн токтомуна ылайык быйыл 16-августта башкалаанын «Алатоо» аянтындагы В. И. Лениндин эстелиги алынып, анын ордуна Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата «Эркиндик» эстелиги орнотулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG