Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Кыргызстандагы качкындар негизинен жергиликтүү калк менен бирдей шартта жашай турганы маалым болду


БИШКЕК. Кыргызстандагы качкындардын турмуш деңгээли социалдык-экономикалык жактан жергиликтүү калктын орточо жашоо деңгээли менен бирдей. Качкындардын 60% бүгүнкү күндө жер участкаларына ээ болушту. Алардын 52% менчик үйлөрү бар, 32% турак-жайды ижарага алып жашашат, ал эми 17% болсо бийлик органдары турак-жай беришкен. Бул жөнүндө маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Миграция департаментинен алынды. Качкындардын 75% Чүй облусунда жашайт. Аларды жер участоктору менен жергиликтүү райондук администрациялар жана айыл өкмөттөрү камсыз кылышууда. Өлкөнүн бюджетинде акча каражаттарынын тартыштыгына байланыштуу соңку жылдары Кыргызстанга келген качкындардын маселелерин чечүүгө БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын Бишкектеги өкүлчүлүгү көмөк көрсөтүп келет. 1996-жылдан бери бул башкармалык Кыргызстандагы качкындарга жардам иретинде 4,5 млн. доллар сарптаган. Азыр Кыргызстанда 8025 адам качкын катары расмий катталган. Алардын ичинен 7274 -Тажикстандын, 745 - Ооганстандын жана 6 - Ирандын атуулдары.

XS
SM
MD
LG