Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Санкт-Петербургда ШКУ мамлекеттеринин транспорт министрликтеринин жетекчилеринин II жыйыны өттү


БИШКЕК. Бүгүн Санкт-Петербург шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин транспорт министрликтеринин жетекчилеринин II жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстандан транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажыкеев жетектеген делегация катышты. Бул тууралуу маалымат бүгүн Транспорт жана коммуникация министрлигинен алынды. ШКУ мамлекеттеринин транспорт министрликтеринин биринчи кеңеши Бишкекте былтыр 20-ноябрда өткөн. Бул жыйында ошондогу кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана Ташкен-Анжиян-Ош-Сарыташ-Эркечтам-Кашгар маршруту боюнча автожолу куруу тууралуу маселелер каралды.

XS
SM
MD
LG