Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Премьер-министр иш сапары менен Талас облусунда болду


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Талас облусунда иш сапары менен болду. Ал иш сапарын Талас мамлекеттик университетинин абалы менен таанышуудан баштады. Ѳкмөт башчысы Талас шаарындагы № 8-мектепте болуп, жакында жаңыдан ишке берилген 105 орундуу балдар ооруканасынын жагдайы менен таанышты. Андан соң Н. Танаев Бакайата районунун Акдөбө айылында курулуп жаткан кант заводунда болуп, анын тез аранын ичинде ишке берилишине өкмөт жардам берээрин билдирди. Ѳкмөт башчысы Карабуура районундагы «Эдельвейс» туристтик борборунун иш-аракеттери менен таанышып, облуста туризм тармагын өнүктүрүү тууралуу сунушун айтты. Ал Манас районундагы «Белек» дыйкан чарбасынын ишин облустун башка райондоруна үлгү кылып, дыйкан чарбаларына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү облустук жана райондук жетекчилерге тапшырды. Бул тууралуу маалымат бүгүн Талас облустук мамлекеттик администрациясынан алынды.

XS
SM
MD
LG