Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

ФРАНЦИЯДА ИСЛАМ ДИНИН ЖОЛДООЧУЛАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ОКУУ ЖАЙЫ АЧЫЛДЫ


Жаңы окуу жылынын башында Францияда өлкөдөгү алгачкы мусулман лицейи ачылды. Бул менчик окуу жайынын ачылышын колдогондор да, каршы чыккандар да көп.

Лилль шаарынын мусулмандар басымдуулук кылган чөлкөмүндө жайгашкан окуу жайынын директору Сильви Талеб айым көптөгөн журналисттердин телеобективдери менен камераларынын алдында өзүнүн алгачкы лицеисттерин кабыл алып жатты. Мындан бир нече ай эле мурун Ибн Рушд атындагы лицей ачылат деп ишенгендер аз эле. Буга чейин мусулман мектебин түзүү жөнүндөгү сураныч үч жолу орундатылбай келген. Алгачкы ирет бул идея 1994-жылы пайда болгон эле. Ал жылы 17 мусулман кыз мектептен паранжыларын чечүүдөн баш тарткан соң, жергиликтүү Файдхерб лицейинен чыгарылып салынган болчу. Кыздардын андан аркы окуусун улантууга Лилль-Сюд (Lille-Sud) мечити көмөктөшкөн.

Мусулман лицейин ачуу жөндөгү алгачкы арыз 2002-жылы тиешелүү мекемелерге жөнөтүлүп, үч ирет четке кагылган. Анда Лилль-Сюддагы мечиттин имамы Амар Ласфар түз эле Парижге кайрылууну чечет. Ошентип, ушул жылдын июл айында лицейди ачууга расмий уруксат берилди. Бирок көпчүлүк балдар-кыздар башка жайларга жазылып койгондуктан, жаңы мектептин босогосун 1-сентябрда болгону 12 окуучу гана аттады.

12-кылымда жашап өткөн араб философу Ибн Рушддун ысымы коюлган лицей, ал-Иман мечитинин үчүнчү кабатында жайгашкан. Үч окуу классы менен илимий лаборатория азырынча толугу менен жабдыла элек. Лицейдин окуучулары мечиттин китепканасы менен намаз окуган залды да пайдалана алышат. Лицейдин жетекчилиги Франциянын секулярдык эрежелерин бузбай, өз ишибизди улуттук окуу планына ылайык алып барабыз деп ишендиришет. Араб, ислам тарыхы менен маданияты боюнча сабактар милдеттүү болуп эсептелбейт. Куран таануу сабагы болсо аптасына бир ирет болот деп болжолдонууда. Андан тышкары окуучулардын бардыгы мусулман болсун, кыздар баштарына жолук салынып жүрсүн өңдүү талаптар жок. Мечиттин имамы Амар Ласфар: “Бул - диний лицей эмес. Бул - жалпы билим берүүчү жогорку окуу жайы. Мектеп окуучуларды коомчулуктан бөлүндүдө калууга алып келет деген коркунуч бар деп эсептебейм,”- дейт.

Францияда саны боюнча экинчи орунда турган диний топ болгон мусулмандардын коомго жуурулушу жөнүндөгү маселе Франциянын өтө сезимтал социалдык проблемаларынын бири. Премьер-министр Жан-Пьер Раффарэн жакында секулярдык эрежелерди кармануу жөнүндөгү мыйзам кабыл алынышы мүмкүн деп билдирди. Ал эми президент Жак Ширактын буйругу менен жылдын аягына чейин француздардын секулярдык улуттук мүнөзү жөнүндөгү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Жаңы ачылган мусулман мектеби өлкөдөгү католик, жөөт менчик окуу жайлары сыңары эле өкмөт тарабынан каржыланып, көзөмөлдөнүп турат. Бирок мусулман лицейи ислам дининдеги жаштардын обочолонуусуна, радикалдуу топторго ооп кетүүсүнө алып келет деген чочулоолор көп. “Маселе - мусулман окуу жайында эмес. Кептин бардыгы “Анын артында фундаменталисттер жокпу?”- деген суроодо”, - дейт француз секуляризми боюнча адис Жаклин Коста-Ласку. Анын айтымында, айрым медреселерде окуучуларды уруп-сабоо фактылары катталгандыктан, мусулман мектептери катуу көзөмөлгө алынып турат.

Жергиликтүү бийликтерди чочулаткан дагы бир жагдай бар. Атап айтканда, Лилль мечити Франциянын Ислам уюмдарынын биримдиги менен байланышта экени маалым. Ал эми исламды консервативдүү түрдө чечмелеген бул уюм, өз кезегинде, тыюу салынган мисирлик “Ислам агайындары” аттуу фундаменталисттик топтун идеяларына жакындыгы менен белгилүү.

Францияда саны 9 миңге жеткен менчик диний мектеп мамлекет тарабынан өзүнчө каржыланбаганы менен, акчасынын 80 пайызын өкмөттөн алып турат. Өлкөнүн 20 пайыздай улан-кыздары дал ошол мектептерде билим алышат. Алардын дээрлик 90 пайызын католик коллеж, лицейлер түзөт. Диний мектептер өз иштерин Франциянын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык алып барууга тийиш. Мисалы коопсуздук чаралары, мугалимдердин кесиптик деңгээли, окуу планы башка коомдук мектептердикиндей болушу шарт. Диний сабактар менен сыйынуу болсо окуучулардын каалоосуна ылайык өткөрүлүшү керек. Ушул шарттар толугу менен аткарылса, жаңы окуу жайы беш жылдан кийин мамлекеттин жардамын ала баштайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG