Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Эстония Европа Биримдигине кошулууга макул


Эстониянын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, жекшембидеги референдумда шайлоочулардын 67% Европа Биримдигине кошулууга макул деп добуш берди. Эгерде бул маалымат ырасталса, Эстония келээрки жылы май айында тогуз мамлекет менен кошо Биримдикке мүчө болот. Аны менен Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин саны 15тен 25ке жетет. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Эстония калкын тарыхый чечими менен куттуктады. Мына ушундай эле референдум келээрки жекшембиде Латвияда өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG