Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Мексиканын Канкун шаарында Дүйнөлүк соода уюумунун жыйыны уланууда


Жаңы дүйнөлүк пактыга жол ачуучу компромисттик резолюцияны Мексико сунуш кылды, бирок ал бай өлкөлөрдүн да, жарды мамлекеттердин да купулуна толгон жок. Бразилия, Индия, Кытай баштаган жарды жана өнүгүп келаткан өлкөлөр жаңы сунушту "дыйкан-фермерлерине субсидия берүүнү кыскартуу боюнча Кошмо Штаттарына жана Евросоюзга жетиштүү кысым көрсөтпөйт" деп сынга алышты.
Дүйнөлүк соода уюумунун 146 мүчө-өлкөсүнүн өкүлдөрү ортосундагы сүйлөшүү бүгүн кечинде аяктайт деп күтүлүүдө.
Кечээ Канкунда 2 миңдей анти-глобалист Дүйнөлүк соода уюумунун саясатына каршы жүрүшкө чыгышты. Активисттер "бул саясат өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү жакырчылыкты тереңдетип жатат", - деп эсептешет. Демонстранттар конференция жайынан 10 чакырымдан бери келтирилген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG