Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Израил өкмөтүнүн министри Ясер Арафатты өлтүрүүнү "мыйзамдуу чара" деп билдирди


Израилдин Соода жана өнөр-жай министри Эхуд Олмерт палестин элинин лидерин өлтүрүп жок кылууну "андан арылуунун мыйзамдуу жолу" деп эсептейт. Бүгүн эртең менен Израиль радиосунан сүйлөгөн сөзүндө Олмерт Арафатты өлтүрүү Израиль үчүн - моралдык эмес, практикалык маселе экендигин айтып, буларды кошумчалады.

- Арафат мырза – киши өлтүрүүчү жана киллер. Израилдин өкмөтү" азыркы шартта, тилекке каршы, киши өлтүгүчтөргө жана аларга демөөр болуп, (террористтик) операцияларды уюштургандарга назарыбызды буруп, зарыл болсо, алардан арылуу зарыл" деп чечкен. Арафат да ушул тизмеде.

Палестиналык башкы арачы Саеб Эракат Олмерттин билдирүүсүн "өкмөттүн эмес, мафиянын ой-жүгүртүүсү" деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG