Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: “ЖОЛ КАРТАСЫ” ОСЛО КЕЛИШИМИНИН ТАГДЫРЫН КАЙТАЛАЙБЫ?


Мындан 10 жыл илгери 1993-жылдын 13-сентябрында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган Осло келишимине кол коюлган. Ошондо миллиондогон адамдар аймакта тынчтыкты орнотуу мүмкүн деп ишене башташкан эле. Бирок өткөн он жылдык ичинде жаңыдан жандана баштаган үмүт иренжүү жана ишенбөөчүлүк менен алмашты.

Израилдин ошол кездеги премьер-министри Ицхак Рабин менен палестин лидери Ясер Арафат Ак Үйдүн гүл бакчасында кабарчылардын камералары алдында кол алышып, күлүп турушту. Бул тарыхый кадрларды бүтүндөй дүйнөнүн гезит-журналдары менен сыналгы каналдары бири калбай көрсөтүштү. АКШнын ортомчулугу менен жетишилген келишим тарыхый бурулуш окуя катары бааланып, эми арабдар менен жөөттөр Ыйык жерди талашпай, тынч жашашаарбы экен деген үмүт пайда болгон эле.

“Автономиянын принциптери жөнүндөгү декларацияда” эгемен Палестин мамлекети тууралуу айтылбаса да, тынчытк процессинин логикалык максаты – дал ошондой мамлекетти түзүү экени түшүнүктүү болчу.

Арадан 10 жыл өттү. Тынчтык жараяны алга жылсын тургай, региондогу кырдаал ого бетер курчуп кетти. Иордан дарясынын Батыш жээги кайрадан оккупацияланып алынды. Үч жылдан бери уланып келаткан интифаданын натыйжасында 800дөй жөөт жана 2 миң 600гө жакын палестиналык набыт болду. Интифадага жооп катары, Шарондун өкмөтү дээрлик күнүгө аскерий рейд жана Хамастын лидерлерин жок кылуу максатында атайын чараларды өткөрүп турат. Тараптар түзүлгөн абал үчүн бири бирин күнөөлөп жатышат.Израил Арафатты террордон баш тартабыз деген сөзүндө турбайт деп айыптаса, палестиналыктар болсо Тел-Авив басып алынган территорияларда жөөт конуштарын курууну улантып жатат деген кине тагууда. Он жылдын ичинде жаңы маалелердин тургундарынын саны эки эсеге өсүп, 230 миңге жетип калды. Бул фактыны арабдар эгемен Палестин мамлекетин түзүүгө Израилдин жол берүү ниети жоктугунун далили катары баалашууда. Жан кечтилердин акцияларын көпчүлүк палестиналык “туруштук чарасы” деп аташат.

Он жыл ичинде Осло келишиминин маанайы, палестиналык саясий изилдөөчү Махид Абдел Хадинин сөзү менен айтканда, “өч алуу маданиятына” жол берди. Башка бир эксеперттин пикиринде, азыркы абал “зордук-зомбулуктун кезектеги бир баскычы эмес”, “бул – Израил-Палестин чатагынын жаңы доору”.

Осло келишимине чейин 1991-жылы Мадридде өткөн тынчтык конференциясынын катышуучусу Палестинанын азыркы министри Саеб Эрекат болсо үмүт үзбөй, тынчтык орнотуунун үстүнөн иштөөнү уланта бериш керек деп эсептейт. “Ослодон 10 жыл өткөндөн киийн, ушундай курч мезгилде үмүтсүздүккө жол бербешибиз зарыл деп ойлойм. Тынчытыкка жетишсе болот деп израилдиктер менен палестиналыктарга улам кайталашыбыз абзел деген ойдомун”, - деди Эрекат ишембиде СиЭнЭн(CNN) каналы көрсөткөн маегинде.

Ясер Арафат дагы 13-сентябрда Израил бийлигине кайрылып, тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандантууга үндөдү. Мындай чакырык Шарон өкмөтү Арафатты аймактан сүрүп чыгыш керек деген чечимге келгенден кийин жасалды. Израилдин коопсуздук кабинети палестин лидери тынчтык аракеттерине тоскоолдук кылууда деп, 15 кишинин өмүрүн алып кеткен ушул аптадагы террор чабуулдарынан кийин Арафаттын көзүн тазалаш керек же аймактан кетириш керек деген бүтүмгө келген эле. Өткөн жумадагы сурамжылоо көрсөткөндөй, израилдиктердин 37 пайызы Арафатты жок кылыш керек, ал эми 23 пайызы аны кууш керек деген пикирде. Оппозициядагы Эмгек партиясынын лидери болсо Израил радиосуна берген маегинде Арафатты сүрүп чыгуу идеясын “чоң катаачылык” катары баалады.

Буга чейин Арафат дээрлик 20 ай бою өзүнүн Рамалладагы кеңсесинде камоодо болуп, АКШнын кысымы менен бошотулган болчу. Үстүбүздөгү аптада миңдеген палестиналык өз жол башчысын колдоо максатында көчөлөргө чыгып, демонстрация өткөрүштү. Ишемби күнкү иш-чарага өкмөт тарабынан уюштурулган 2 миңдей мектеп окуучусу да катышты. “Эмне үчүн жөөттөр биздин ички иштерибизге кийигилишишет?” – деп жатышты демонстранттар. Арафат болсо аларга кайрылып, мындай деди:

- Израилдин күнүмдүк агрессиясы – биздин элди, качкындар лагерлерин, христиандар менен мусулмандарга таандык ыйык жайларды кордоо болуп эсептелет.

Ошентип, Осло келишими өз максатына жеткен жок. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы долбоор да, “Жол картасы”, ушундай эле тагдырга туш болот деген кооптонуулар күч алып турган кезде, эл аралык коомчулук эки элди элдештирүү аракеттерин улантып жатат. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан ишембиде Коопсузук Кеңешинин туруктуу 5 мүчөсүнүн тышкы иштер министрлеринин Женевадагы жолугуушусунан кийин:

- Кеңештин мүчөлөрү төртилтиктин жол картасын жактаарын дагы бир жолу бышыкташты. Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү эки тарап тең жол картасында белгиленген милдеттенмелерин карманып, эң негизгиси аларды ишке ашырууда алга жылыш керектигин белгилешти, - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG