Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

БИРИККЕН УЛУТТАР РЕФОРМАЛАНУУГА МУКТАЖ


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттардын жалпы жыйыны башталат жана ага дүйнө мамлекеттеринин бир топ жетекчилери катышат. Сессияда сүйлөй турган сөзү менен уюмдун баш катчысы Кофи Аннан 8-сентябрда журналисттерди тааныштырды. Анын пикиринде, уюм азыркы учурда ири реформаларга муктаж.

Бириккен Улуттар Уюму азыр дүйнөнүн 191 мамлекетин бириктирет. Анын Коопсуздук Кеңешине 15 өлкө мүчө болуп кирет. Aлардын бешөө туруктуу мүчөлөр, калган он мамлекет мезгил-мезгили менен бири-бирин алмаштырып турат. Туруктуу беш мүчө вето укугуна ээ, ошондуктан кайсы бир маселеге алардин бири эле каршы чыкса, маселе чечилбейт. Туруктуу мүчөлөр - Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция.

Кофи Аннандын айтымында, Коопсуздук Кеңешинин түзүлүшү менен анда чечим кабыл алуу эрежелери эскирип бүттү жана жаңыланууга тийиш. Кеңешке жаңы мүчөлөрдү кошуп, аны кеңейтүү керек, анткени азыркы абал, Аннандын пикиринде, демократиялык болбой калды жана ага дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгү макул.

Бирок маселе кайрадан эле Коопсуздук Кеңешине такалат жана андай реформалар тууралуу чечимге туруктуу мүчөлөрдүн бири каршы болсо, аны өткөрүү кыйын болот. Маселени жалпы жыйынга коюп деле чечүү оңой эмес, анткени дүйнө дөөлөттөрүнүн башка өлкөлөргө болгон таасири күчтүү жана араздашуу кеңири болуп кетиши мүмкүн.

Маселе канчалык татаал экенин өткөн жылдын аягында жана үстүбүздөгү жылдын башында Бириккен Улуттарда Ирак боюнча өткөн кызуу талкуу эле көрсөттү. Багдадга каршы согуш ачуу маселесине Алмания жана Франция сыяктуу өлкөлөр каршы чыкканда, АКШ талкууну токтотуп, согушту өз алдынча баштады жана эмгиче Ирактагы иштерге дүйнө коомчулугун чектелүү ченемде гана катыштырууда.

Вашингтондун турумун бир топ дүйнө мамлекети колдогондуктан, Бириккен Улуттардан тышкары өз алдынча эл аралык альянс да түзүлүп кетти жана ага кошулган өлкөлөрдү колдоп, америкалык кээ бир жетекчилер Алмания менен Францияны "эски Европа" деп атап, Бириккен Улуттардын өзүн эч нерсеге жарабаган уюм деп да сыпаттады.

Бул маселе тууралуу дагы Аннандын сөзүндө айтылат жана ал өзү маалымат жыйынында АКШны атабаганы менен, аны бир топ катуу сындап өттү: "Менин оюмча, ар бир мамлекет дүйнөлүк абалды жана башка өлкөлөрдүн пикирин эсепке жоопкерчиликтүү алууга тийиш. Өз алдынча, каалаганындай аракеттенгенден мурда, алар мунаса табууга жана бирдиктүү саясат жүргүзүүгө умтулуш керек".

Аннандын айтымында, акыркы убакта кээ бир дүйнөлүк дөөлөттөр эл аралык терроризмге өтө көп көңүл буруп, каражат менен күчтү негизинен ошол багытка жумшагандыктан, адам укуктары же жакырчылык менен күрөшүү сыяктуу орчундуу маселелер обочодо калууда. Мисалга Бириккен Улуттар тарабынан 2000-жылы кабыл алынган Миллениум декларациясын эле келтирсе болот. Анда дүйнө өнүгүүсү боюнча стратегиялык багыттар аныкталган, бирок антитеррордук согуш менен байланыштуу ал азыр аткарылбай жатат.

Кээ бир эксперттердин айтымында, уюм Европа Биримдигин мисалга алып аракеттенсе болот, бирок Евробиримдикте деле маселелер көп. Мисалга мурдагы Югославияда орун алган бир нече согушту эле алса болот. Европанын чок ортосунда XX - кылымдын аягында концлагерлер түзүлүп, тукум курут саясаты жүргүзүлүп жатканда, маданияттуу Европа ал маселени чече албай койгондуктан, АКШ күч колдонууга аргасыз болгон. Бирок Вашингтон Ирак маселесин дагы ошондой ыкма менен чече баштаганда, эл аралык жалпы саясатта терең кризис башталды.

Эгер араздашкан ар бир дөөлөт өз айтканынан кайтпай аракеттенсе, Бириккен Улуттар уюм катары да жок болуп кетиши мүмкүн, ошондуктан маселе кеңири талкууланууга тийиш. Уюмдун күзгү сессиясына АКШ, Орусия, Франциянын президенттери катышат, ошондуктан Аннан өз сунуштарын аларга алдын ала салып жиберди.

XS
SM
MD
LG