Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад http://gdb.rferl.org/139BF67D-5AF0-49D0-B5D7-0ED0A84C8AA1_w203.jpg Аксы районундагы Сарычелек көлү менен биосфералык коругуна жолдун кыйындыгынан, каражаттын тартыштыгынан улам чет өлкөлүк туристтер тургай жергиликтүү адамдар да сейрек барышат. Мурда агын суудай каттаган өзбекстандык атуулдар чек арасы жабылган соң келбей калышты.

Сарычелек көлүн атайын эңсеген адамдан башка киши ага оңой менен жетпейт. Тоо койнуна жайгашкан көл облустук борбордон 300 чакырым ыраак турат. Жергиликтүү калктын айтымында, ал жерге чет өлкөлүк туристтер тургай, облустун шаар-райондорунун мындан 10-15 жыл илгери байма-бай каттаган эс алуучулары да, өзбекстандык атуулдар да сейрек каттап калышты. Анын себеби - жолдун узактыгы менен каражаттын тартыштыгында.

Сарычелек тууралуу эл ичинде көптөгөн уламыш айтылып жүрөт. Уламыштардын биринде азыр көл турган жай илгери сай болуп, сайдын суусу элди каптаары жөнүндө пайгамбар түш көргөн дешет. Пайгамбар: «Жаратканың чын болсо пенделериңди сакта», - деп Көкө Теңирге кайрылганда, көлдүн сыртында калган Аркыт жери өзүнөн-өзү оодарылып, сайдын оозун тосуп, сел токтоп калган экен. Ошондон улам көлдүн алгачкы «Тоскоолата» деген аты эмдигиче элдин эсинде. Башка бир уламышта көлдү айланта жер жайнаган сары балчелектер коюлганынан улам Сарычелек деп аталганы эскерилет. Жазуучу Абдымомун Калбаевдин түшүндүрмөсү боюнча, көлдө кайсы бир кылымдарда дулдул жашаган. Дулдул суудан чыгаарда көл айланасы буркан-шаркан түшүп бурганак болчу экен. Ошол дулдул азыр да көл бетине чыга калаары айтылып келатат. Дулдулдан тукум алуу ниети менен бир киши челегине айран куюп, бээсин жетелеп көлгө барат. Тилеги ишке ашып, кулундуу болот. Ач көздүк кылып көлгө экинчи жылы барганда…

- Кызыгып көлдүн жээгинде жатса, бурганак болуп кетип, бир убакта дулдул көлдөн чыгып, бээни кулуну менен кошо желкесинен тиштеп, сууга алып кирип кетет. Тигил киши челегин таштап качып, көлдүн жээгинде сары челек кала берип, «көлдүн жээгинде калган сары челек» деп, Сарычелек аты аталып калган, - дейт Абдымомун Калбаев. Көрктүү токоюнда айбанат, канаттуунун не бир түрлөрү жайнап, суу алдынан балыгы көрүнгөн ажайып Сарычелек аймагын эл акыны Байдылда Сарногоев:

«Атканда тоодон кашка таң,
Артыкча сонун байкасаң.
Көл болбой эгер кыз болсоң,
Көз тиймек экен капкачан», деп сүрөттөсө, аксылык төкмө акын Ысак Барпиев ырга төмөнкүдөй кошкон: -

«Турагың сенин аска таш,
Ак мөңгү толсо кашка баш.
Атактуу Сочи, Крымга
Мен муну алмашпаймын башма-баш».

1959-жылы уюшулган Сарычелек коругу жөнүндөгү илимий эмгектерге караганда, көлдүн узундугу 8 чакырым. Туурасы - 4,5 чакырым, тереңдиги - 400 метр. 24 миң гектар жерди ээлеген корукта дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн 1000ге жакын, канаттуулардын 157, сүт эмүүчүлөр менен омурткасыз сойлоочу жандыктардын 24 миңден ашык түрү катталган.

Соңку кездери корук менен көлдү коргоо иши начарлаганын жергиликтүү калк дамаамат айтып келет. Не бир сонун арчалар кыйылып, сейрек кездешүүчү айбанат, канаттуулардын изи сууду. Жолдун ыраактыгы менен каражаттын тартыштыгынан жай саратанда көлдүн сулуулугуна суктанып карагай-черлүү аймакка көз чаптырганы коңшулаш айыл-кыштактардын саналуу гана тургуну каттап калды. Сарычелек коругунда өмүр бою иштеген ардагер Эргеш Айткулов айбанаттардын жоголуп баратканына ичи ачышып мындай деди:

- Киийнки убактарда кээ бири тукум куруп болуп кетти. Азыр айбанаттар азайып кетти. Браконьерлер жок кылды. Азыр уруктук барбы, жокпу билбеймин.

Аксы районунун акими Абдималик Эгембердиевдин маалыматы боюнча, Сарычелектин Совет доорундагы атагын калыбына келтирүү максатында Глобалдык экологиялык фонддун жардамы менен корукка барчу жол оңдолду. ТАСИС программасынын «Батыш Тяншандын биоөзгөчөлүгүн сактоо» долбоору боюнча коруктун айланасындагы калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
XS
SM
MD
LG