Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

КЫРГЫЗСТАНДА МЕДИА-КЕҢЕШ ТҮЗҮЛДҮ


Азиза Турдуева, Бишкек 13-сентябрда Ысыккөлдө Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жыйынында Медиа-кеңеш түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды өз алдынча жөнгө салуу максатын көздөгөн Медиа-кеңештин түзүлүшү журналисттердин арасында жана коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Кыргызстанда маалымат каражаттарынын маселелерин жөнгө салуу максатын көздөгөн Медиа-кеңешти түзүү демилгесин «Пресс-клуб» маалымат борбору көтөрүп чыккан. Бул демилге президенттин администрациясынын, бир катар маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын колдоосуна ээ болгон. Ал эми оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттары башынан эле Медиа-кеңештин түзүлүшүнө каршы чыгышкан. Алар «бул кеңеш журналисттердин укуктарын коргогон институт эмес, кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыктарына иштеген орган болуп калат» деп чочулап келишкен.

Жаңы уюм жөнүндөгү жободо белгиленгендей, «Медиа-кеңеш - маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн өз алдынча жөнгө салуу иретинде түзүлгөн ыктыярдуу корпоративдик институт» болуп эсептелет. Кеңештин алдына маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу, журналисттердин укуктарын коргоо жана маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын чыңдоо, профессионалдык жана чынчыл журналистиканын маданиятын калыптандыруу сыяктуу милдеттер коюлган.

Медиа-кеңеш түзүү тууралуу чечимдин кабыл алынышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев «Медиа-кеңештин түзүлүшү Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын деңгээли өскөнү тууралуу кабар берет» деген пикирде.

- Мындай медиа-кеңештер - өнүккөн өлкөлөрдө түрдүү аталыштар менен иштеп келе жаткан коомдук механизм. Мунун жардамы менен журналисттер чыр-чатактардын баарын жарандык же башка сотторго кайрылганга чейин эле чече турган деңгээлге чыгышты. Иштөө принциптери болсо - чыр-чатактары менен Медиа-кеңешке кайрылган тараптар бир айдын ичинде Медиа-кеңештин чечимин аткарууга тийиш. Муну менен биз маалымат каражаттарындагы талаш маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмасына келдик десек болот, - дейт Кубанычбек Таабалдиев.

Айрым көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрү «Медиа-кеңеш журналисттердин эркин маалымат берүү укуктарына чек коюшу мүмкүн» деген пикирлерин билдиришүүдө. «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин пикири ушуга жакын.

- Мындай медиа-кеңештердин жана тутумдардын баарын эркин маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, аларга таасир этиш үчүн бийлик атайын түзүп жатат. Алар кандай аталбасын, мен көзөмөлдөө органдарынын баарына каршымын. Кеп бул кеңештин түзүлүшү Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келгенинде болуп жатат. Кеңеш кимди коргойт? Ал үчүн эч кандай укуктук база жок. Кандай болгон кезде да, баары сотто чечилет, - дейт Александр Ким.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курмановдун айтымында, Медиа-кеңештин иштешине кыргыз мыйзамдары жол берет жана анын түзүлүшү - учурдун талабы:

- «Медиа-кеңештин укуктук негизи жок» деген туура эмес. Бул Акыйкатчы, третейлик сот катарындагы орган. Ал көзөмөл жүргүзүүчү орган эмес. Ал сотко жеткирбей туруп, маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды чечүү максатын коет. Баарына маалым болгондой, сот маалымат каражаттарын чоң өлчөмдөгү айыпка жыгып жатпайбы. Медиа-кеңеш буга жеткирбей туруп, маалымат каражаттарына байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөктөшөт, - дейт Медиа-кеңештин мүчөсү Зайнидин Курманов.

13-сентябрда Ыссыккөлдөгү жыйында Медиа-кеңешке 9 мүчө шайланды. Алардын ичинде Кыргыз телерадиокомпаниясынын журналисти Тамара Валиева, кинорежиссер Актан Абдыкалыков, Би-Би-Си радиосунун кабарчысы Толкунбек Турдубаев, Жалалабаддагы «Фергана» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков, өзбек тилинде чыгуучу «Ош садоси» аттуу гезиттин башкы редактору Абдугани Абдугапаров жана башкалар бар. Алар Медиа-кеңешке конференцияларда 2 жылдык мөөнөт менен шайланышат жана 6 айдан төрагалык кылышат. Медиа-кеңеште региондордогу маалымат каражаттарынын 8 өкүлү кеңешчи катары иш алып барышат. Алар негизинен облустук, райондук маалымат каражаттарына байланыштуу чыр-чатактарды териштирүүгө катышат.
XS
SM
MD
LG