Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы 6-октябрда башталмак болду


БИШКЕК. 6-октябрда Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы башталат. Анда республикалык бюджеттин быйылкы аткарылышы, кийинки жылдагы бюджеттин долбоору жана башка маселелер талкууланат. Палатанын комитет жетекчилеринин бүгүнкү отурумунда ушундай чечим кабыл алынды. Отурумга палатанын төрагасы Алтай Бөрүбаев катышты. Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйылкы республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2004-жылдагы бюджеттин долбоору 22-сентябрдан 26-сентябрга чейин палатанын бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинде каралат. Андан соң бул маселе 29-сентябрда премьер-министрдин катышуусунда талкууланып, палатанын жалпы отурумуна сунушталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG