Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Кыргыз өкмөтү «Ганси» атындагы аскердик база тууралуу маселени көтөрө элек


БИШКЕК. Учурда Борбор Азия аймагында, анын ичинде Ооганстанда коопсуздук маселелери толук чечиле элек. Кыргыз өкмөтү Эл аралык антитеррордук коалициянын Ганси атындагы аскер базасынын Кыргызстанда туруу мөөнөтү боюнча маселе көтөрбөй келатканынын себебин бүгүнкү маалымат жыйынында премьер-министр Николай Танаев ушундай түшүндүрдү. Анын айтымында, Ганси атындагы аскердик базаны Кыргызстандын аймагында жайгаштыруу тууралуу келишимде, «эгерде келишимдин мөөнөтүнүн бүтүшүнө 180 күн калганга чейин эки тарап тең келишим тууралуу маселе көтөрбөсө, келишимдин мөөнөтү өзүнөн-өзү кийинки жылга узартылаары» жазылган. АКШ баш болгон бир катар өлкөлөрдүн аскерлери Кыргызстандын «Манас» аба майданына 2001-жылдын соңунда жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG