Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Түндүк жана Түштүк Корея: Акыркы 50 жылдагы биринчи коммерциялык авиакаттам


Коммунисттик Түндүк Кореянын учагы бүгүн түштүк кореялык 114 туристти Пхеньянга алып келди.
Туроператорлордун маалымдашынча, бул Корея жарым аралы 50 жыл мурдагы согуштун натыйжасында эки мамлекетке бөлүнүп кеткенден бери Сеулдан Пхенянга учкан биринчи коммерциялык учак.

Акыркы жылдары Түндүк жана Түштүк Кореянын граждандык авиациясы эки өлкө ортосундагы каттамда ырасмий делегацияны ташып маал-маал учканы болбосо, ырааттуу каттабайт.
Жыл аягына чейин коммерциялык учактар дагы 2 миңдей түштүк кореялыкты Түндүк Кореяга саякатка алып барышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG