Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Кытай АКШнын өзүн айыптады


Кытай өкмөтү Кошмо Штаттарынын 2001-жылы болгон авиакырсык үчүн кытайлык тарапты күнөөлөгөн маалыматын куру доомат деп, күнөөнү АКШнын өзүнө артты.
Авиакагылышууда кытайлык учкуч өлүп, АКШнын чалгынчы учагы Кытайдын территориясына конууга аргасыз болгон.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө, АКШ “ак менен караны ажыратпайт” жана анын маалыматы “кырсык жөнүндөгү чындыкты өзгөртө албайт” деп айтылат.

Америкалык чалгынчы учак Кытайга мажбур конгондон кийин, анын 24 мүчөсү камакка алынып, Вашингтон кытайлык учкучтун өлүмү жана учактын уруксатсыз конгону үчүн Бээжинден кечирим сурагандан кийин гана кое берилген. Учак америкалыктарга 3 айдан кийин кайтарылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG