Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

МАГАТЭ Ирандын түшүндүрмө берүүсүн талап кылды


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ Иранды өлкөнүн өзөктүк программасына байланыштуу проблемаларды мүмкүн болушунча тезирээк чечүүгө чакырды.
Улуттар Уюмунун агенттигинин директору Мохаммед эл-Барадейи уюмдун бүгүн Венада башталган жыйынында Ирандын жакында табылган байытылган уран боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылып, буларды билдирди:

- МАГАТЭнин кеңеши Иран Ислам республикасында Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин сакталышына быйыл өзгөчө көп көңүл бөлдү. Кеңеш өткөн жумада Иранды тыгыз кызматашууга жана өзөктүк активдүүлүгү жөнүндө кылдат жана толук маалыматты агенттикке берип, өзүнүн ачыктыкты жактаарын шарданалоого чакырган.

Венадагы жыйынга МАГАТЭге мүчө 135 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG