Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

КЫРГЫЗСТАНДА ЭМГЕК КОДЕКСИНИН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку Кеңеште 15-сентябрда «Жаңы замандын талабына ылайык Эмгек кодекси» деген темада «тегерек үстөл» жыйыны болду. Ага вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова, чет элдик эксперттер жана депутаттар катышты. Азыркы Эмгек кодекси 1998-жылы кабыл алынган. Соңку эки жыл ичинде кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен, эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу жаңы Эмгек кодекси иштелип чыкты. «Рыноктук мамилелердин шартын жана жаңы замандын жышаандарын эске алды» деген бул кодекс, айрым байкоочулардын баамында, көбүнесе жумуш берүүчүлөрдүн укугун коргойт.

1998-жылкы Эмгек кодексин айрымдар эски жана советтик катары мүнөздөп жатышты. Азыр колдонулуп аткан кодекс 570 беренеден турса, жаңы мыйзам долбоорунда 430 берене бар. Кээ бир депутаттар эмки кодекстин ушул сапатын айтышкан менен, эл аралык байкоочулар анын өтө эле көлөмдүү болушун жактырышкан жок. Эл аралык ишкерлер биримдигин жетектеген Дэвид Гренддин айтымында, Эмгек кодекси он гана беренеден туруп, жөнөкөй жана түшүнүктүү болгону оң. Жаңы кодекс, анын баамында, анчейин элге жугумдуу эмес. Баарыдан да ал Кыргызстандагы башкы көйгөй болгон жумушсуздукту азайтууга жагымдуу шарт түзбөйт. Девид Гренд мырза “буга караганда Казакстан менен Кытайдын азыр иштеп аткан эмгек кодекстеринен үлгү алган оң” деген ойдо.

Бул кодекстин турмушка киришине безилдеп каршы болгондор депутаттар Алишер Сабиров менен Бөрүбай Жураев болду. Алишер Сабировдун айтымында, жаңы кодекс карапайым элдин эмес, эң оболу жумуш бергендердин кызыкчылыгын көздөйт. Ал “эки жыл бою жаңы кодексти түзүп чыкканга канчалаган гана акча берилди” деп ачууланды. Эскерте кетели: Евробиримдик каржылаган долбоорго ылайык жаңы Эмгек кодекси эл аралык эксперттердин, өкмөт мүчөлөрүнүн жана депутаттардын катышуусу менен иштелип чыккан. Мисалы, чет элден келген адис 5 миң доллар алат, анын жанында иштеп аткан кыргызстандык 5 миң сомго макул. Алишер Сабиров ушуну айтып күйдү. Анын оюнда, жаңы кодекс боюнча дале 2-3 миң сом алган кыргыз эмес, маянасы 5-6 миң доллар болгон чет элдик ишкердин укугу жогору коюлган.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жаңы кодексти колдойт. Анын пикиринде, 1998-жылдан бери турмушубузда көп нерсе өзгөрдү. “Жумуш берүүнүн көп жагдайларын кайра карап чыгуу зарыл” дейт ал. Өкмөттүн турумуна кулак салсак, азыркы Эмгек кодекси сырттан инвесторлорду тартууга кесепетин тийгизип атыптыр. Чет элдик инвесторлор көп учурда Эмгек кодекси базар экономикасынын шарттарына жана эл аралык стандарттарга дал келбестигин көп айтышат экен.

“Тегерек үстөлгө” катышып отурган бизнесмендердин көбү жаңы кодексти колдоп атышат. Аларга анын ириде советтик замандан калган калдыктардан кутултканы жагыптыр. Мисалы, “Шоро” фирмасынын башчысы Табылды Эгембердиев минтет:

- Азыркы кодекс боюнча, эгер “Шородо” иштеген шопур мас болуп, теректи сүзүп алып каза болсо, мен миллион сом айып төлөп беришим керек. Ал сүздүргөн машинаны да калыбына келтиришим зарыл. Бул норма советтик системага ылайык. Ал кезде чиновник иштеп аткан адамды бошотуп, дароо өз тууганын койчу. Азыр мен эч качан өз тууганымды койбойм. Жакшы иштегенди гана алам. Ал эми профсоюз болсо “Эмнеге бошотосуң?” деп күндө эле кирише берсе, анда мен бизнесимди жаап коюшум керек.

Табылды Эгембердиевдин оюнда, мамлекет же депутаттар жумуш таап бере албагандан кийин, жумуш берип аткандарга мыйзам аркылуу шарт түзүп бериши керек.

- Мен азыр 2 миң кишини багып атам. Ал эми ошол депутаттар бир кишиге жумуш ордун беришиптирби!? Мен жумуш ордун түзүп атам, алар мага шарт түзүп бериши керек, - дейт ал.

Ал эми “Бишкеккурулуштун” жетекчиси Аскарбек Молдобаев жумуш берүүчүлөр мыйзамда айтылбаган шарттарды түзүп берип атышканын айтты. Аны “Шоро” фирмасы да сүрөп турду. Экөөнүн айтымында, жакшы иштеген кызматкерди көкөлөтүп, байкелеп турушат экен. “Дарыланып ал” деп колуна акча берип, “эс алчы” деп курортко жөнөтүшөт.

Жаңы кодексти кабыл алуу демилгесин өкмөт көтөргөн. Өкмөт мүчөлөрү бул демилге президенттин 2001-жылы чыккан “Инвестицияларды тартуунун натыйжалуу жолдору жана анын жолундагы бөгөттөрдү алып салуу тууралуу” буйругун аткаруу далалаты экенин белгилешти. Демек, ушундан улам “жаңы кодекс жумуш берүүчүнүн кызыкчылыгын көбүрөк колдойт” деп безилдегендердики да жөндүү. Бир күндө 430 беренеге сереп салуу кыйын. Көзгө урунгандарын талдап көрсөк, күңгөй да, тескей да жагы байкалат. Мисалы, жаңы кодекс боюнча жумушта көтөрүлүш жасаганга катышсаң, жоопко тартыласың. Иш берүүчү тарап боюнда бар же жаңы төрөгөн аялды керек десе жумуштан бошото алат. Ал эми төрөгөн аялдар үйдө 3 жыл эмес, жарым жыл гана отурат. Үй-бүлөнү багып аткан адам жумуш убагында каза болгондо моралдык компенсация алчулардын тизмеси кыскарды. Жаңы Эмгек кодексинин долбоорунда жумушчуга ар кандай материалдык айыптар каралган. Ошондой эле дарыланууга, чыгармачылыкка жана башка жагдайларга берилчү эс алуу мөөнөттөрү кыскарат. Жаңы мыйзамдын долбоору боюнча профсоюздун ролу солгундайт. Профсоюз менен кеңешчү маселелердин саны чындап кыскарса, жумуш берүүчү профсоюздун эшигин азыраак кагат. Бул норма ишкана чоңдоруна абдан жаккан өңдүү.
XS
SM
MD
LG