Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Европа фермерлери Канкун жыйынынын натыйжасыз аяктаганына ыраазы


Европанын фермерлери Дүйнөлүк Соода Уюмунун Канкундагы жыйыны натыйжасыз аяктаганын кубатташууда. Франциянын фермерлеринин бирикмеси «жаман келишимден көрө-келишимдин болбогону дурус» деген билдирүү таратты. Мексиканын Канкун шаарында өткөн жыйында Индия жетектеген эми өнүгүп келаткан өлкөлөр өнүккөн мамлекеттерден өз фермерлерине жардам берүүнү азайтууну талап кылса, өнүккөн өлкөлөр өз кезегинде өнүгүп келаткан мамлекеттерден базарын кеңири ачууну талап кылды. Бирок тараптар орток пикирге келе алышкан жок. Европа биримдигинин соода министри Паскаль Лами келишимге жетишпөөдөн баары жоготууга учурады деп билдирди:
- Биз баарыбыз пайда көрмөкпүз. Бирок биз аны жоготуп алдык. Ошентсе да Европа Биримдиги көп тараптуу соода системасын чыңдоону жактай берет.

XS
SM
MD
LG