Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен толук кызматташууга даярдыгын билдирди


Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууну улантат жана анын инспекторлору капыс текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү протоколго кол кою боюнча агенттик менен жакын арада сүйлөшүүлөрдү баштайт. Бул тууралуу Ирандын атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы Гуламреза Агазаде дүйшөмбүдө Венада билдирди. Анын айтымында, Иран өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин талаптарын аткарат:
- Иран өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин талаптарын толук аткарат. Биз аны бир гана келишим катары эмес, диний жана этникалык көз караштан улам да бекем карманабыз.
АКШнын энергия боюнча министри Спенсер Абрахам Ирандын бул кадамын кубаттап, Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин протоколдоруна толук кошулат деп үмүттөнгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG