Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Беларус менен Орусия бирдиктүү валюта киргизүүнүн мөөнөтүн тактады


Орусия менен Беларус 2005-жылдын 1-январынан тарта бирдиктүү валютаны киргизишет. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Беларус президенти Александр Лукашенко Сочиде орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Владмир Путиндин айтымында, бирдиктүү акча катары орус рублинин киргизилиши эки мамлекеттин ого бетер тыгыз кызматташуусуна жардам берет. Беларуска сатылчу газдын баасы боюнча эки тарап орток пикирге келишти. Владимир Путиндин айтымында, газ боюнча эки мамлекет базар экономикасынын талабына ылайык соодалашат, жана Беларус компанияларына Орусиянын газ кендеринде иштөөсүнө жол берилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG