Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

САУД АРАБИЯСЫ ПАДЫШАЛЫГЫНЫН ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ ЧОҢ ӨРТ “АЛ-ХАЙЫР” (ЖАКШЫЛЫК) ТҮРМӨСҮНДӨ БОЛДУ


Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясынын байтакты эр-Рияд шаарындагы “ал-Хайыр” түрмөканасында болгон өрттөн, соңку маалыматтар боюнча, 67 арестант набыт болду жана 23 адам, анын ичинде үч күзөтчү түтүнгө уугушуп, абалдары оор. Сауд бийликтеринин маалымдашынча, бул падышалыктын тарыхындагы эң катуу өрт болду. Абакта жалаң абийир туткундары менен “ак кол кылмышкерлер” кармалчу..

Сауд Арабия падышалыгындагы эң чоң жана шарты жакшы эсептелген “ал-Хайыр”, түрмөсүндө болгон өрт абакта жаткан 67 адамдын өмүрүн алды. Андан тышкары түтүндүн ышына ууккан 20 арестант менен 3 күзөтчүнүн абалы оор.
Түрмөкананын аты кыргызча “Жакшылык” дегенди түшүндүрөт.

Саудия бийликтеринин айтымында, падышалыктын 80 жылдан ашык тарыхында буга дейре “ал-Хайыр” түрмөканасындагыдай чоң өрт болгон эмес.

Өрттүн себебин падышалыктын ички иштер министри ханзада Наиф бин Абдил Азиз дайындаган комиссия иликтей баштады.

Эр-Рияддагы Кошмо Штаттарынын элчилигинин өкүлү Жон Бөргесстин “Нью-Йорк Таймс” гезитине айтышынча, Саудиянын бийликтери алгачкы иликтөөдөн соң өрт кокус болгон иш деген тыянакка келишкен.

Адегенде өрттү “ал-Каидачылар” уюштурду деген кабар таратылган болчу. Себеби, 12-майда падышалыктын аймагында жайгашкан Батыш өлкөлөрүнүн үч аскерий базасына удаа жасалган бомба чабуулунан 35 адам, анын ичинде 8 америкалык өлгөндөн кийин, Саудиянын коопсуздук күчтөрү террорчу деп шектелген 200дөн ашык адамды камакка алган эле.

Өткөн жумада эле падышалыктын жаңылыктар агенттиги террорчулар кармалган 15ке жакын жайдын атын атап, операция учурунда коопсуздук күчтөрү менен шектүү террорчулар ортосунда аткылашуулар болгонун кабарлаган.
12-майдан кийин террорчу деп кармалган адамдар “ал-Хайырда” кармалууда деген маалымат бар болчу.

Бирок, Бөргес мырза “Нью-Йорк Таймс” гезитине “ал-Хайыр” түрмөканасында ал-каидачылар менен байланышы бар эч ким жок экенин мен анык билем” дейт.

Ал эми Сауд Арабиясынын Лондондогу элчилинин кызматкери, мурдакы журналист Жамал Кашугинин сөзүнө караганда, эр-Рияддагы атактуу түрмөдө негизинен саясый жана шиит азчылыктарынан чыккан диний диссиденттер кармалат. Ошондуктан, айрым “ал-Каидачылардын” буерде кармалышы турган иш деп санайт Кашуги.

Адам укугун коргоочу уюмдар падышалыктын жаза өтүүчү жайларында ашыкча көп адам кармалат деп, Саудиянын бийликтерин сындап жүрөт. Бирок, эр-Рияддын түштүк ныптасында жайгашкан “ал-Хайыр” арестанттарды кармоо шарты боюнча өлкөдөгү эң жакшы жана өтө бекем күзөтүлгөн абак саналат.

Саудиядагы бомба чабуулдарына катыштыгы бар деп кармалып, өткөн айда бошотулган британиялык алты жаран да “ал-Хайырда” отурушкан.
Алардын бири бул түрмөдө 2 жылдан көп өмүрүн жоготкон. Анын “Таймс” гезитине айтышынча, ал абактан чыгарга чукул күндөрү “ал-Хайырга” жаңы адамдар алынып келинип, түрмө толгон.
Анткен менен, мен алты ай бою он адамдык бөлмөдө жалгыз отурдум дейт британиялык.

Түрмөнү кыдырып көргөн америкалык бизнесмен “ал-Хайыр” түрмөканасы “өтө таза жана америкалык коллеждердин жатак жайларындай өтө жакшы жабдылган” деп сүрөттөйт.

“Эр-Рияд Дейли” гезитинин кабарчысы Мохаммед ал-Гхамди да “ал-Хайыр” өлкөдөгү шарты эң жакшы түрмө деп эсептейт.

Өрт өчүрүүчүлөр өрт башталар замат жетип келишкен. Анткен менен, Би-Би-Си агенттигинин кабарлашынча, өрт тез токтотулган эмес. Дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түндө абактагы адамдардын жакындары “ал-Хайыр” түрмөсүнө кеткен жолдогу шашылыш коюлган бекеттен ары өткөрүлгөн жок.

Талдоочулар Саудия өкмөтү терроризмге каршы аракеттери жөнүндө коомчулукту үзбөй кабарлап турганын жана “ал-Хайыр” түрмөсүндөгү өрт тууралуу көп кечиктирбей кабарлагынын айтышып, бул фактылар падышачылык сырт дүйнө үчүн ачык болуп баратканын күбөлөйт дешет.

Саудиялык эксперттин айтышынча, “ал-Хайыр” же “Жакышлык” түрмөсүндөгү 70ке жакын адамдын өмүрүн жалмаган өрт сыяктуу жаман окуялар тууралуу мурда калк бир нече күндөн кийин араң укчу. Деген менен, падышалыктын жаңылыктар агенттиги “ал-Хайыр” абагындагы алаамат тууралуу өрт башталгандан төрт сааттан кийин гана коомчулукка маалымдады деп жазат “Нью-Йорк Таймс” гезити.
XS
SM
MD
LG