Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

ЖАЗА АТКАРУУ БАШКАРМАЛЫГЫНДАГЫ РЕФОРМА КАНДАЙ ЖҮРҮП ЖАТАТ?


Жаза аткаруу башкармалыгында реформаны маңыздуу жүргүзүү олуттуу проблемалардын бири болуп турат. Башкармалык Ички иштер министрлигинен Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилгенден бери түрмөлөрдүн абалы анча өзгөрбөй жатканынын себеби эмнеде?

Кыргызстандын мыйзамдарында түрмөдө жаткандардын укуктары тууралуу бир катар жоболор жазылган. Анда кылган кылмышы үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткан ар бир адам мамлекет тарабынан камкордукка алынышы керек экендиги белгиленген. Эркиндиги чектелген ар бир адам өз жазасын өтөп жаткан жеринде тамактанууга, дарыланууга, арызданууга, эмгектенүүгө укуктуу. Алардын социалдык, саясый жана башка укуктарын сактоону камсыз кылуу тиешелүү мекемелердин жетекчилигине милдеттендирилген.

СССР тарагандар тартып абактарда орун алган баш-аламандык ачыгыраак көрүнө баштагансыды. Мурда көпчүлүк түрмөлөр жабык типте болгондуктан, бир эсе түрмөдөгүлөрдүн көптөгөн көйгөйлүү маселелери азыркыга салыштырмалуу кыйла жакшы чечилгендиктен, абакта отургандардын ал-абалы сыртка анчалык билинчү эмес. Азыр өлкөдө 33 камак жайы бар. Алардын ону жабык типтеги түрмө болуп саналат. Ал эми он сегизи - ачыкта жүрүп жазасын өтөөчү колония, бешөө - убактылуучу камоочу тергөө изолятору. Расмий маалымат боюнча, аларда баш-аягы 17 миңден ашуун адам жазасын өтөп жатат. Ал эми расмий эмес булактардын билдиргенине караганда, камакта жаткандардын саны 25 миңден ашат.

Жаза аткаруу башкармалыгы мурда «эмгек-түзөтүү» деп аталганына ылайык, СССР убагында түрмөлөрдө завод-фабрикалар иштеп, алар ар кандай материалдар менен камсыз болуп, төгөрөктүн төрт бурчу менен байланышып турчу. Азыр болсо анын бирөө да жок. Түрмөлөрдөгү өндүрүш ишканалары таланып-тонолуп жок болгондугун бул мекемеде иштегендер деле жашырбайт. Аларды ким тоноду? Бул башка сөз. Азырынча бул суроого эч кимден эч кандай жооп ала албайсың. Бул системада иштегендер мындай абалды СССРдин тарап кеткени менен түшүндүрүп келишет. Башка себептерин айта алышпайт. Анткени түрмө жетекчилери такыя тегеренгендей тез-тез алмашып турат. Бул система Юстиция министрлигине өткөрүлгөндөн кийин мындай көрүнүш айрыкча күч алган. Абак системасын реформалоонун максаты - абакта отургандардын санын азайтуу, жазасын өтөп жаткандарды жумуш менен камсыз кылуу эле. Айрым байкоочулар андай өзгөрүүлөрдүн болбой жатышын мурдагы эле милиция кызматында иштегендердин жаза аткаруу тармагынын жетекчи орундарына келиши менен байланыштырышат.

Азыр түрмөлөрдө жалпысынан абал кыйын. Соңку жылдары абакта жатып өлгөндөр көбөйдү. Ачык жарыяланбаган расмий маалыматтар боюнча түрмөлөрдө жыл сайын 600-700 адам көз жумат. «Ага ачкачылык түздөн-түз себепкер» дешет жазасын өтөп жаткандар. Абакта жаткандарга тууган-туушкандары тамак-аш менен дайым эле барып, кабар ала албай тургандыгы жалпы экономикалык абалга байланыштуу экени айтпаса да түшүнүктүү.

Мындай пикирге Жаза аткаруу башкармалыгы менен Юстиция министрлиги макул эмес. Түрмөлөргө мамлекет тарабынан жыл сайын акча чегерилет. Айрым такталбаган маалыматка караганда, түрмөлөргө бөлүнгөн каражат орто жолдо кандайдыр-бир кызыкчылыктарга жумшалып келет. Мисалы, Жаза аткаруу башкармалыгы былтыр «Акжол» акционердик коому менен көмүр алууга 2 млн. сомго келишим түзгөн. Ал ушул күнгө чейин алына элек. Ал эми «Буудай» акционердик коому менен 3 млн. сомго түзүлгөн келишимге ылайык түрмөлөргө жеткирилчү продукция абакта жаткандарга толук жеткен эмес. Бул боюнча юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаевге телефон аркылуу кайрылганыбызда, ал өкмөттөн жылына 130 млн. сом бөлүнөөрүн тастыктады. Бирок ал бул акча колго нак тийбесин белгилеп, ошондон улам ич ара келишимдин негизинде товар түрүндө эсептелээрин мындайча маалымдады:

- Накталай акча жок. Өз ара келишим түзүү менен өкмөт бөлгөн акчасынан кутулуп жатат. «Буудай» акционердик коому менен да ушундай келишим түзүлгөн болчу. Бир аз калганы бар. Жакында берип кутулат.

Айрым байкоочулар «өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат түз жумшалбаганынан улам абакта отурган адамдардын ден соолугу, ал-ахыбалы кескин начарлап, кургак учук менен ооругандардын катары өсүп кеткен» дешет. Учурда кургак учук менен ооругандар жатуучу төрт колония бар. Аларда үч миңге жакын киши дарыланат. Буга дары-дармектин, тамак-аштын жетишсиздиги себепкер экенин абакта отургандар четтен айтышат. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» демекчи, абакта өлгөндөрдү жерге коюп көмүүнүн ордуна, пластинацияга сатып жатышканы бир топ ызы-чуу жаратты. Бул түрмө жетекчилеринин абактагы адамдарга жасаган мамилесин ашкере кылгансыды. Ал аз келгенсип, кийинки учурларда абакта отурган адамдарды эксплуатациялап иштетүү кадимки көрүнүшкө айланган. Башкасын айтпаганда да, Ысыккөлдөгү «Тамга» аэропортун курууда абакта жаткан жүздөн ашуун адам иштегени, алар жасаган иши үчүн бир тыйын албай кайра кеткени тууралуу маалыматтар бар. Бул өлкөдөгү эмгек мыйзамдарын одоно бузгандыкка жатат. Түрмөлөрдөн качуу, өзүн-өзү асуу, түрмө кызматкерлерин өлтүрүү сыяктуу окуялар да мына ушундай мамиледен улам болуп жатса керек. Мисалы, жакында эле № 47-колониянын эки кызматкери өлөсө келтек жеп, Мамыралиев деген прапорщик ошол жерден мүрт кетсе, экинчиси оор абалда ооруканага түшкөнү бар.

Айтмакчы, жакында жаза өтөп жаткандарга мунапыс жарыяланып, 2000 адам азаттыкка чыкмак. Бирок мунапыс тууралуу кезектеги мыйзам президент тарабынан парламентке кайра кайтарылды. Кезектеги мунапыстын кечигип жатышын айрым саясатчылар азыр түрмөдө жаткан оппозиционер Феликс Куловду абактан бошотпоо аракетине байланыштуу карап жатышат. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бул боюнча мындай дейт:

- Бул мунапыстын кайра кайтарылышына Куловдун себеби бар деп жатабыз. Анткени ал мунапыс боюнча Куловдун бошоп кетиши мүмкүн эле.

Бирок Э. Алиевдин бул сөзүнө юстиция министринин орун басары Т. Айтбаев макул эмес:

- Ал мунапыска Куловдун эч кандай тиешеси жок. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары чечет. Ага чейин андай-мындай деп айтууга болбойт.

XS
SM
MD
LG