Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Жапонияда барымта окуясында үч киши курман болду, 20 дан ашык киши жарат алышты


НАГОЯ. Жапонияда барымта окуясында үч киши курман болду, 20 дан ашык киши жарат алышты. Нагоянын өрт өчүрүү кызматынын айтымында, өлгөндөрдүн ичинде окуя болгон ишкананын башчысы, барымтачы жана полициячы бар. Жарадар болгондордун ичинде 12 полициячы, өрт өчүргүч, журналист жана карапайым адамдар бар. Полициянын айтымында, Кайкубин компаниясынын кеңсесине компаниянын өзүндө иштеген Нобору Беппу деген киши кирип келип, июл айынан бери ала албай келаткан айлык акысын төлөп берүүнү талап кылып, кеңседе отургандарды барымтага алган. Барымтачы эгерде анын талабы аткарылбаса кеңсени өрттөп жиберээрин айткан. Талабы аткарылбаганда ал керосин чачылган кеңсеге өрт койуп, анын натыйжасында болгон жарылуудан кишилер курман болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG