Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Кыргызстанга Германиянын парламентинин өкүлдөрү келишти


БИШКЕК. Бүгүн кечинде Кыргызстанга Германиянын Бундестагынын бюджет комитетинин башчысы Манфред Карстенс баштаган өкүлдөрү иш сапары менен келишти. Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынын кабарына караганда, германиялык өкүлдөр Кыргызстандагы экономикалык абал менен жакындан таанышууну көздөшөт. Бул үчүн чет элдик делегация президент А.Акаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары жана башка өкмөт мүчөлөрү менен жолугушмакчы. Германия Кыргызстанга соңку 10 жыл аралыгында 141 млн. евролук жардам берген. Анын 102 миллиону грант, кредит түрүндө, калганы техникалык жардам катары берилген. Ал эми 20о3-2004-жылдары Германия Кыргызстанга жалпы суммасы 16 млн. евро өлчөмүндө жардам берүүнү пландаштырууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG