Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

«Арнамыс» партиясы генерал А. Чотбаевди сотко берди


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясы бүгүн Улуттук Гвардиянын колбашчысы генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаевге каршы Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо арыз жолдоду. Бул тууралуу маалымат ушул эле күнү партиянын штабынан алынды. Доо арызга А.Чотбаевдин «Аргументы и факты» гезитине быйыл 23-апрелде жарыяланган интервьюсу себеп болду. Анда Чотбаев ««Арнамыс» АКШдан буга чейин алган акчасын актоого жана андан дагы колдоо табууга аракет кылып жатат» деген көз карашын билдирген. Сотко жазган доо арызында партия генералдан бул билдирүүнү далилдеп берүүнү талап кылды. Партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин ушул эле күнү билдиргенине караганда, партия моралдык чыгым үчүн Чотбаевден 5 млн. сом, ал эми «Аргументы и факты» гезитинен 5 сом өндүрүп берүүнү соттон суранып жатат.

XS
SM
MD
LG