Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Жогорку Сот Ф.Куловго байланыштуу токтомду даттануучу тарапка бере элек


БИШКЕК. «Бийлик президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүктөрү бүткөнгө чейин Феликс Куловду түрмөдө кармап турууга дилгир. Ошондуктан ал Ф. Куловдун түрмөдөн бошонуу максатында жасачу аракеттерине жолтоо болууда». «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев бүгүн ушундай пикирин айтты. Анын сөзү боюнча, Жогорку Сот акыркы даттануу боюнча токтомду бир айдан бери даттануучу адвокат Любовь Иванованын колуна бербей жатат. Жогорку Сот 15-августта Ф.Кулов боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн жана ага карата Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарууну суранган адвокаттын датын карап, бирок райондук жана шаардык соттордун бүтүмдөрүн күчүндө калтырган. Адвокат Л.Иванованын айтымында, мындан ары Куловдун укугун коргоо багытында аракет көрүш үчүн Жогорку Соттун чечими тууралуу токтом колго тийиши керек. Саясатчынын тарапкерлери Куловго тагылган айыпты жокко чыгаруу максатында Жогорку Соттун президиумуна, Конституциялык Сотко жана эл аралык уюмдарга кайрылууну көздөп жатышат. Мурдагы улуттук коопсуздук министри, Чүй облусунун мурдагы губернатору жана оппозициялык «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов ушу тапта Жаңыжер түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG