Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

КМШнын Ялтадагы саммитине Кыргызстандан президент да, премьер-министр да барат


БИШКЕК. 19-сентябрда Ялтада КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу болот. Анда негизинен КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулат. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин бүгүнкү маалыматына караганда, саммиттин алдында курамына Орусия, Казакстан, Беларус жана Украина кирген Бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлат. Мындан тышкары, саммитте «Ийне» жана «Жебе» үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык өтмө комплекстерди КМШда сатууну көзөмөлдөө чаралары бекитилип, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү көзөмөлдөөчү координациялык тутум түзүү боюнча чечим кабыл алынаары күтүлөт.
Ушул эле саммиттин алдында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана өкмөт башчыларынын кеңештеринин отурумдары болуп, анда кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланмакчы. Саммитке кыргыз президенти Аскар Акаев бүрсүгүнү барат. Ал эми премьер-министр Николай Танаев жетектеген өкмөттүк делегация эртең түштөн кийин Ялтага сапарга чыгышы күтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG