Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:42

МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН ИШКАНАЛАРДЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙРА АЛЫШ КЕРЕКПИ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандагы ишканалардын басымдуу көпчүлүгү менчиктештирилип, жеке колго өтүп кетти. Бирок менчиктештирүү күткөндөй натыйжа бербегендигин айтышат. Айрым саясатчылар аларды «мамлекеттин карамагына кайра алыш керек» деп эсептешет.

Бул маселени көтөрүп жаткандар – негизинен коммунисттер. Алар бул тууралуу өкмөткө чейин кайрылышкан.

- Биз азыр жаңы завод-фабрика кура албайбыз. Себеби, биздин акчабыз жок. 100 млрд. сом чет мамлекеттерге карызбыз. Ишканаларды арзан сатып алган жанагы кожоюндар менен тил табышып, сүйлөшүп, аларды ишке киргизсек, биз азыркы кыйынчылыктан 2-3 жылда чыгып кетет элек. Биз ушуну сунуштап жатабыз, - дейт коммунисттердин лидери, депутат Абсамат Масалиев. Бирок өкмөт бул сунушту колдобойт.

- Коммунисттер дайыма мамлекеттештирүү маселесин көтөрүп келишет. Биз алар мамлекеттештирүү эмнеге алып келээрин түшүнүшпөйт деп ойлойбуз. Ким эле өзүнүн жеке менчигин өз эрки менен бере койсун? Бул кагылышуу дегенди билдирет. Бул массалык баш-аламандыкка алып келет, - деди Николай Танаев дүйшөмбү күнү өткөн басма сөз жыйынында. Бирок бул идеяны жалаң эле коммунисттер көтөрүп жаткан жок.

- Мындай массалык менчиктештирүү дүйнөлүк тарыхта болгон эмес. Майда-чүйдө менчиктештирүү Латын Америка өлкөлөрүндө, Британияда болуп жүргөн. Бирок аларда экономиканын кээ бир секторлору, кээ бир ишканалар менчиктештирилген. Биздегидей массалык менчиктештирүү эч жерде болгон эмес. Тажрыйба болбогондуктан көп кемчиликтер кетти. Анын бири - мамлекетке пайда алып келе турган объектилер арзан сатылганы. Менчиктештирүүнүн эки максаты бар. Биринчиси - мамлекеттик казынаны толтуруу. Экинчиси - экономиканы башкаруунун натыйжалуулугун күчөтүү. Биз биринчисине да, экинчисине да жетишкен жокпуз, - деп, депутат Өмүрбек Текебаев мындан бир нече жыл мурун Жогорку Кеңешке “Мамлекеттештирүү” деген мыйзам киргизгенин айтат.

- Бул – “ошол жеке менчикти зарыл болгон учурда мамлекет кайрадан алып коет” деген идея. Кээ бир менчиктештирилген объектилердин бааланышынын негиздүүлүгүн карап көрүшүбүз керек. Мисалы, “Нарын” рестораны 16 миң долларга сатылган. Бул чакан квартиранын эле баасы. Эми мен аны дароо алып коюш керек дегенден алысмын. Өкмөт баасын эсептеп, “2 млн. доллар экен, ушуну төлөсөң төлө, болбосо биз алып коебуз, кайра аукционго коюп сатабыз, төлөйм десең, графигин макулдашалы” деп, адамкерчилик менен сүйлөшүп көрүшү керек. Көнбөсө мыйзамдын күчү менен сүйлөшүшү керек, - дейт Өмүрбек Текебаев. Ал мындай иш азыр Орусияда жүргүзүлүп жатканын белгилейт. Бирок депутаттардын көпчүлүгү буга каршы.

- Менчиктештирилген объектилерди кайра мамлекетке алуу көп чыр-чатакка алып келет. Менин оюмча, ишкана кимдин менчигинде болсо да - ал мамлекеттик менчиктеби, же биздин атуулдардын менчигиндеби, же Африкадан келген негрлердин менчигиндеби - анын мааниси аз. Иштесе болду. Биз алды менен ошону көздөшүбүз керек. “Арзан сатылып кетти” деп, аны кайра алуу менен абалыбыз оңолуп кетпейт, - дейт депутат Замирбек Парманкулов.

Өкмөт менчикти мамлекеттештирүү идеясын колдобогон менен, мурда менчиктештирилип кеткен айрым ишканаларды кайра алып коюу фактылары байкала баштады. Инвесторлор өз милдеттенмелерин аткарбаганына байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет, мисалы, “Монолит” заводун жана Канттагы эксперименталдык тажрыйба-механикалык заводду кайра алып койгондугун айтышат. Шейшемби күнү болсо өкмөт мурда парламент аркылуу бекиттирип алган менчиктештирүү программасына ушу багытта дагы бир өзгөртүү киргизди.

- Өзгөртүү киргизгенде биз “кошумча объектилерди киргизели” деп киргизип жатканыбыз жокпуз. Тескерисинче, мурда менчиктештирүү тизмесине кирип калган объектилерди алып таштап жатабыз, - деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жеенбеков. Анын айтымында, бул тизмеден коммуналдык объектилер жана пансионаттардын айрымдары алып салынат. Ал эми “Кыргызалтын”, “Кыргызнефтегаз”, “Кыргызполиграфкомбинат” парламенттин макулдугу менен гана менчиктештириле турган стратегиялык объектилердин тизмесине кирди. Мыйзам чыгаруу жыйыны болсо өкмөттүн бул сунушун колдоп берди.
XS
SM
MD
LG