Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Дүйнөлүк Банк Борбор Азия жана Чыгыш Европада СПИД эпидемияга айланат деп чочулоодо


Дүйнөлүк Банк Борбор Азия жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин бийликтерине кайрылып, СПИД илдетинин жайылышын токтотууга бардык чараларды көрүүгө чакырды. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча бул эки региондо ВИЧ инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн саны 1 млн 200 миң кишиге жетти жана алардын ичинен 250 миң киши бул илдетти өткөн жылы жуктуруп алган. Борбор Азия жана Чыгыш Европада СПИДдин жайылышына жол бербөө үчүн учурда 300 млн доллар жумшалууда, бирок каражаттын көлөмүн 2007-жылга карай 1 млрд 500 млн долларга жеткирүү сунушталууда. Дүйнөлүк Банк илдеттин катастрофалык эпидемияга айланып кетпеши үчүн регион мамлекеттерине атайын программа иштеп чыкканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG