Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

ЭТИЯТ БОЛ, СПИД!


Дүйнөлүк банктын эксперттери шейшемби күнү Чыгыш Европа жана Борбор Азия регионунда СПИД эпидемиясынын жайылып кетүү коркунучу бар экенин эскертти. “ХХ кылымдын жаналгычы” деп эсептелген бул илдетке каршы чечкиндүү чара көрүлбөсө, эксперттердин айтымында, региондун экономикасы өтө чоң зыянга кириптер болот.

16-сентябрь күнү Дүйнөлүк банк Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн жетекчилигин СПИД эпидемиясынын жайылып кетүү коркунучуна каршы ыкчам жана чечкиндүү чара көрүүгө чакырды.

“ХХ кылымдын жаналгычы” аталган СПИДдин коркунучу тууралуу Дүйнөлүк банктын эксперттери даярдаган доклад шейшемби күнү жарыяланды. Кылдат изилдөөнүн негизинде даярдалган бул докладда посткоммунисттик Борбор Азия менен Чыгыш Европа дүйнөдө СПИД илдетине чалдыккан адамдардын саны өтө ылдам көбөйүп бараткан регион деп көрсөтүлөт.

Анда маалымдалганга караганда, азыр Чыгыш Европа жана Борбор Азияда СПИДге же ВИЧ инфекциясына чалдыккан 1 200 миң адам бар. Бул, Улуттар Уюму менен тыкыз кызматташкан IATEC изилдөө борборунун эсеби боюнча, 300 чоң кишин бирөөсү ВИЧ инфекциясына чалдыккан дегенди билдирет.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча кеңешчи адиси Ирина Савченко кеселдерди жашы боюнча мындайча бөлөт:

- Жаштар азыр калктын эң коргоосуз бөлүгүн түзүшөт жана инфекция жугузуп алган кеселдердин 85-90 проценти 18 менен 25 жаштын ортосундагы жаштар.

Өткөн 2002-жылы биз сөз кылып жаткан региондо 250 миң киши бул илдетти жаңыдан жуктуруп алган.

Оорулардын көпчүлүгү же 88 проценти дартты ийне сайып жуктурган. Алардын ар бир төртүнчүсү аял кишилер.

Баса, АКШдагы Жон Хопкинс борборунун эксперти Крис Бейрер өткөргөн изилдөө ВИЧ инфекциясы жуккан кеселдер Борбор Азиянын маң заттары жашыруун ташылчу жолундагы шаарларда өзгөчө көп экенин көрсөткөн. Андай жолдогу шаарлар деп Кыргызстандын Ош, Казакстандын Темиртоо, Өзбекстандын Янги-Йул шаарлары аталат.

Кыргызстанда жеңил айыкпас бул дартка кабылган 400гө жакын адам болсо, алардын көпчүлүгү кеселди маң заттарын пайдаланабыз дешип, ийне аркылуу жугузуп алышкан дейт Бишкектеги СПИД борборунун орун басар директору Айнагүл Осмонова:

- Азыр Кыргызстандын жарандарынын ичинен 400дөй адам бул ооруга чалдыккан. Биз үчүн өтө коркунучтуусу: алардын көбү маңзаттарын колдонгон адамдар болгону. Эгерде дарт жыныстык жолдор менен жукса, мынча коркунучтуу болбос эле.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун СПИДке каршы күрөшүү программасы - UNAIDSтин маалыматы боюнча, 2001-жылдын аягында Кыргызстанда ВИЧ вирусун алып жүрүүчүлөрдүн саны 500гө жакын болгон.

Дүйнөлүк банктын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетектөөчү адиси Олусожи Адейинин билдиришинче, Балтия өлкөлөрү, Россия Федерациясы, Молдова жана Белоруста коркунучтуу оору өтө ылдам жайылып баратат.
Ага карабай, жергиликтүү өкмөттөр СПИДдин коркунучуна көп көңүл бурушпайт дейт Адейи.

Абал мындай кала берсе, жакынкы жылдары региондо “өмүрү бычак мизиндеги” СПИД илдетти чалдыккан адамдардын саны кескин өсүп, аларды дарылоо үчүн кеткен чыгымды бюджет көтөрө албай калышы мүмкүн деп кооптонушат эксперттер.

Ирина Савченконун айтымында:

- Дүйнөлүк банк менен Россиянын СПИД борбору өткөргөн изилдөөлөр коркунучтуу илдеттин экономикага тийгизчү таасирин эсептеп көрүшүп, мындай тыянак чыгарышты: 2010-жылы Россия Федерациясында ички дүң продукциясынын көлөмү 4,15 процентке аз болушу ыктымал. Бул дарт экономикага олуттуу зыян келтирет.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча директорлорунун бири Аннет Диксон айымдын “The Wall Street Journal” гезитине айтышынча, региондун жетекчилиги СПИДдин “алдын тоспой эркин койо берсе”, алар Советтер Союзу кыйрагандан кийин жетишкен айрым ийгиликтеринен кол жууп калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG