Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

МАГАТЭнин ИРАНДАН БАШКА ДА ИШИ КӨП


Дүйшөмбү күнү Вена шаарында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин Жалпы жыйыны ачылды. Өткөн аптада МАГАТЭге мүчө өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү чогулуп, Иранды өзөктүк куралы жок экенин далилдеп берүүгө милдеттендирген резолюция кабыл алышкан. Азыр эми эл аралык агенттиктин кеңейтилген жыйынында Иран, ошондой эле Ирак, Түндүк Корея жана башка маселелер талкууланып жатат.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жылдык жыйынына 135 өлкөнүн делегациялары катышууда. Конференцияны ачкан сөзүндө МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл-Барадейи Тегеранды жайында эл аралык инспекторлор Ирандын айрым аймактарында тапкан байытылган урандын дайын-дарегин билдирүүгө үндөдү.

- Байытылган уран тууралуу жана башка шектүү маалыматтарды чукул арада тактап-ачыкка чыгаруу – Иран өзөктүк куралга ээ болууга умтулбаганын айгинелей алчу маанилүү иш.


Генералдык конференция өткөн аптада МАГАТЭге мүчө 35 өлкөнүн расмий өкүлдөрү өткөргөн чакан жыйындын уландысы катары каралууда. Ал жыйында Иранга 31-октябрга чейин өзөктүк куралдар программасы жок экенин далилдөөгө убакыт берген резолюция кабыл алынган. Эгерде эл аралык агенттиктин ноябрда өтчү жыйынына чейин Иран бул резолюцияда айтылгандарды аткарбаса, анда маселе Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюлушу мүмкүн.


Тегеран эл аралык агенттиктин чечимин терең нааразылык менен кабыл алып, резолюция кабыл алынгандан көп өтпөй Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамидреза Асефи Иран МАГАТЭ менен кызматташтыгын кайра карап чыгат, жакында анын жыйынтыктары жарыяланат деп билдирген. Венадагы жыйын ачылган дүйшөмбү күнү болсо, Ирандын вице-президенти жана өлкөнүн Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Голям Реза Агазаде жаңы билдирүү жасап, Тегеран өлкөдөгү өзөктүк обьекттерди көзмөлдөөнү күчөтүү боюнча МАГАТЭ менен сүйлөшүүлөрүн улантат деп маалымдады.


Иран антип тынчсызданып жатканы менен, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин басма сөз өкүлү Мелисса Флеминг Венадагы жыйында Ирандан башка дагы көптөгөн маселелер талкууланып жатканын белгилейт.

- Генералдык конференция – жылына бир ирет бардык өлкөлөргө дүйнө жүзүндөгү бул тармактагы абалды жакшыртуунун жолдорун чогу-чаран талкуулоого мүмкүндүк берет. Кээ бир кишилер ойлогондой, анда Иран, Ирак, же Түндүк Кореяга каршы катаал чечимдер гана кабыл алынбайт. Андан башка Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн өзөктүк технологиясын өнүктүрүү, аны айыл чарба, медицина тармактарында пайдалануу өңдүү маселелер да кеңири сөз болот, - дейт МАГАТЭнин маалымат катчысы.


Анын айтымында, делегаттар бул ирет араб өлкөлөрү көптөн бери көтөрүп келаткан Жакынкы Чыгыш чөлкөмүн бейөзөктүк аймак деп жарыялоо маселесин кайрадан талкуулоого аргасыз болушат. Анткени Араб Лигасынын сунушу боюнча Оман мамлекети буга байланыштуу атайын резолюция долбоорун даярдап келген. Анда Жакынкы Чыгыштагы бардык өлкөлөр, айрыкча Израил өзөктүк куралдан баш тартып, чөлкөмдү опурталдуу куралдан эркин аймак катары жарыялоо сунушу камтылган.


Андан сырткары Венадагы жыйында азырынча кооптуу курал-жарак табыла элек Ирак, ошондой эле Түндүк Корея сөзсүз талкууга алынаары бышык. Кантсе да, Түндүк Корея азырынча Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыкканын расмий түрдө жар салган жалгыз өлкө. Пхеньян Венадагы жыйынга делегациясын жиберген жок, ошентсе да Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик дүйнөлүк жыйында кабыл алынчу чечимдер Түндүк Кореянын бул маселедеги өжөрлүгүн басаңдатышы мүмкүн деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG