Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

ООГАНСТАН: МҮЙҮЗДҮҮ БОЛОМ ДЕП КУЛАГЫҢАН АЙРЫЛБА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында бир топ ооган жетекчилери Кабулдун борборунан жер кестирип алып, үй салууга камынып жатышканы маалым болду. Бирок Ооганстанда иштеп жаткан өкмөттүк эмес уюмдар жерлер жетекчилерге мыйзамсыз берилгендигин, ал жерде жашаган карапайым ооган үй бүлөөлөрү жалгыз баш баанегинен ажырап, көчөдө калышканын маалымдашат.

Кабулдун чок ортосунан алыс эмес турган Шерпурдагы саман үйлөр бульдозерлер менен сүрдүрүлүп таштап, алардын ордуна жаңы үйлөрдү тургузууга камылга көрүлө баштады. Жер үйлөрдүн ордуна заман талабына ылайык жаңы үйлөр салынмакчы. Ооганстанда иштеп жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын айтымында, бошогон жерлер баары болуп, өкмөттүн 29 жогорку даражалуу кызматкерине, анын катарында, 6 министрге, Кабулдун шаар акимине, Ооганстандын Улуттук Банкынын төрагасына жана мурда аскердик командир болгон эки кишиге арзан баа менен сатылган. Жер сатып алган министрлердин катарында Коргоо министри Мохаммад Фахим жана билим берүү министри Юнус Канонилер бар. Экөө тең Түндүк Альянстын саясий канаты болгон “Жамият-и- Исламинин” мүчөлөрү.

Бирок бир катар өкмөттүк эмес уюмдар бул жерлер жетекчиликке мыйзамсыз бөлүнүп берилгендигин, иш жүзүндө ал жер ал аймакта 20 чакты жылдан бери жашап, эми там-ташы жок калган карапайым оогандарга тийешелүү экенин айтышат. Бейөкмөт уюмдардын бул пикирин Улуттар Уюмунун атайын өкүлү, Кабулда бир нече жума жүрүп, чырлуу окуя менен жеринен таанышкан Милоон Котаринин билдирүүсү да ырастайт. Котари жетекчиликтин өзүм билемдигин накта "жер басып алуучулук " катары сыпаттап, анын негизги жоопкерчилигин ошол аймактан жер кестирип алгандардын бири - өлкөнүн коргоо министри Фахимге жүктөйт. "Чырлуу, мыйзамсыз жер басып алуучулукка Фахимдин түздөн-түз тийешеси бар. Бул окуяга катышы бар министрлердин баары кызматтан кетүүгө тийиш", - деп ачууланат Котари.

Бүтүндөй ооган коомчулугуна дайын болгон бул чыр азыр иликтенип жатат. Президент Хамид Карзайдын өкүлү Жавад Луддин мындай дейт: "Шерпурдагы үйлөр сүрдүрүлүп, бошогон жерлердин башкаларга бөлүнүп берилгенине байланыштуу окуя азыр иликтенип жатат. Ан үчүн атайын комиссия түзүлдү."

Бул окуя жөнүндө өткөн жумада гана кабардар болгон президент Хамид Карзай чырды териштирип, өкмөттү анын залалынан каластап калууга аракеттенип жатат. Ооганстанды калыбына келтирүү министри Амин Фархаң бул чуулгандуу окуя өкмөткө болгон ишенимди сөзсүз кетире турганын белгилеп, өкмөт кандай болсо да адилеттүүлүктү калыбына келтирүүсү керек экенин билдирет:

- Өкмөт бийлик төбөлдөрүнө бөлүнүп берилген жерлерди кайра кайтарып алып, аны чиновниктерге болобу, же жөнөкөй адамдаргабы,- мыйзамдуу ээлерине таратып берүүсү абзел. Жер мыйзамсыз кесилип берилген, мен буга каршымын.

Бирок жерге ээ болгон бийлик мыкчегерлери "Май кармаган - бармагын жалайт" деген принцибин колдонот көрүнөт. Кабулдун акиминин орун басары Хабибулла Асгари Ооганстандын жерге ээлик кылуу мыйзамы боюнча, Шерпурдагы жерлер коргонуу министрлигине таандык экенин жана ага ээлик кылган ар бир мекеме, аны өзү билгендей бөлүштүрүүгө укуктуу экенин айтат. Хабибулла Асгари:

- Коргоо министрлиги жерди командирлерге жана эли-жерин коргоого катышкан башка жогорку даражалуу өкүлдөргө бөлүп берген.

Ал эми билим берүү министри Канони мыйзамсыз жер алгандар деп жерди мындан 20 жыл мурда басып алып, уруксаты жок үй чүргөп алышкандарды эсептөө керек экенин кошумчалайт. Канони укук коргоочулар ооган өкмөтүнө көө сүйкөп, аны жаманатты кылганга аракеттенген адамдардын таасиринде калып жатышат деп билдирет. "Мага жер ал чөлкөмдөн мыйзам негизинде азыркы бийликтин уруксаты менен кесип берилген", - деп кошумчалайт ал.

Бирок Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлү Лахдар Брахими уюмдун өкүлү Котаринин сын баяндамасы менен толук макул экенин билдирди. “Вашингтон Пост” гезитине берген маалыматында, Брахими Шерпурдагы үйлөрүнөн чыгып кетүүдөн баш тарткан адамдар полициядан таяк жешкенин айткан. Брахими ошондой эле бийлик төбөлдөрүнүн мындай өзүм билемдигине жол берүү менен ооган өкмөтү элдин эле ишенимин жоготпостон, өзүнүн эл аралык абройуна шек келтирип жатканын билдирет.

XS
SM
MD
LG