Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Аскар Айтматов америкалык дипломаттын пикирин колдобой турганын билдирди


БИШКЕК. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Лорн Крейнердин Кыргызстанга карата дооматына толук макул эмес. Министр бул пикирин бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы маалымат каражаттарынын абалына арналган эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын көз карашында, Кыргызстанда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин адам укуктарынын абалы начарлаган жок.
Лорн Крейнер жакында Хельсинки комиссиясында сүйлөгөн сөзүндө АКШ дагы эле Кыргызстандагы демократиянын абалына тынчсызданып жатканын билдирген. Ал өз сөзүнө «Моя столица» гезитине, Феликс Куловго байланышкан сот иштерин мисал келтирген. Крейнер президент А. Акаевдин келерки шайлоого катышпай тургандыгы тууралуу билдирүүсүн АКШ кубаттай турганын белгилеп, бийлик демократиялык шайлоо жолу менен өткөрүлүп берилээрине ишенимин билдирген.

XS
SM
MD
LG