Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

«АРНАМЫС» ПАРТИЯСЫ УЛУТТУК ГВАРДИЯНЫН КОЛБАШЧЫСЫН СОТКО БЕРДИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Лидери камакта жаткан «Арнамыс» партиясы 16-сентябрда Улуттук Гвардиянын колбашчысы, генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаевди сотко берди. «Аргументы и факты» гезитинин быйылкы 23-апрелдеги санында генерал А.Чотбаевдин интервьюсу чыккан. «Арнамыс» партиясы «Улуттук Гвардиянын кол башчысы бул маегинде партиянын беделине шек келтирип, эл аралык коомчулуктагы аброюна доо кетирди» деп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылды.

Абдыгул Чотбаевдин интервьюсу «Өзөктүк мелдеште жеңүүчү болбойт” деп аталат. Генерал өз сөзүндө “Арнамыс” партиясы жөнүндө да кеп козгогон. “Бул партия эчактан бери Америка берген акчаны актап келатат. Муну элдин баары билет”, дейт генерал Чотбаев. Бул сөз гезит аркылуу коомчулукка 23-апрелде эле тараганы менен, доо арыз сотко 16-сентябрда гана өттү. Партиянын жетекчилеринин бири Эмил Алиевдин билдиргенине караганда, партиядагылар ошол замат сотко кайрылууну чечишкен. Бирок сот улам бир шылтоону таап, улам бир кагазды тиркөөнү өтүнүп жатып ушул күнгө дейре убакыт созду.

“Абдыгул Чотбаев “Арнамыс” партиясы АКШнын колдоосу менен жашап атат” деген жалган маалымат таратты. Бул жалаа сөз. “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзамда чет мамлекеттен финансылык колдоо алууга тыюу салынган. Абдыгул Чотбаев бул жалаасы аркылуу биздин партиянын атын булгап, коомчулуктагы аброюна шек келтирди”, - деп жазат “Арнамыс”.

Абдыгул Чотбаев маегинде андан ары минтет: “Балким океандын ары жагындагы ак көңүл байкелер аларды дагы бир жолу байкап, мурдагыдай дагы жардам берип коюшаар”. Бул сүйлөмдү “арнамысчылар” партияны кемсинтүү жана каралоо катары баалашкан.

17-сентябрда Абдыгул Чотбаев менен байланыштык. Ал “Арнамыс” партиясынын минтип сотко бергенин уга элек экен. Адегенде чочуп кеткендей болду. Бир аздан кийин “Арнамыс” теригип аткан сөздөрдү ал айтпаганын билдирди. Генералдын айтымында, “Аргументы и факты” гезитинин журналисти анын айткандарын туура эмес түшүнүп калган. “Сотто бул партияга мындай айып такпаганын билдирээрин” генерал айтты.

Ал эми “Аргументи и факты” гезити бул маекке болгон саясий партиянын дооматы дайын болоору менен генералга кайрылган. Басылманын кийинки санында генерал Чотбаев мурда айтылган сөздөрүн оңдоп-түзөп интервью берген. Анын айтымында, журналист анын айткан сөздөрүн түз маанисинде кабыл алып алган.

Соңку кезде кыргыз журтчулугунда “бейөкмөт уюмдарды жана оппозициялык маанайдагы гезиттер менен партияларды Батыш багып атат” дегендей дооматтар айтылып жүрөт. Юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаев быйыл 21-июлда өткөн “Абактагылардын саламаттыгын сактоо” деген семинарда сөз арасында бейөкмөт уюмдар тууралуу катуу айткан эле. Ал “бейөкмөт уюмдарга кылдат мамиле кылыш керек. Алардын көбү криминалдык мүнөзгө ээ” деген оюн ортого салган. Андан мурдараак премьер-министр Николай Танаев “Батыштан көп каражат бейөкмөт уюмдарга келип, кээ бирлери өз ишин кылбай саясатка аралашып кеткен учурлар болуп атканын” өкмөт жыйынында айткан. Азыр массалык маалымат каражаттары да эл аралык уюмдар берген грант аркылуу акыбалын бир кыйла оңдоп алып жаткан кези. Жакында эле “Моя столица” гезити 300 миң доллар өлчөмүндө грант алды. Бул гезит сот аркылуу жабылып, кайра “МСН” деген ат менен чыгып атат. Анын кабарчысы Рина Приживойт Кыргызстанда чындыкты бетке айткан гезиттер бийлик тарабынан куугунтук жеп атканын сөз кылып келет. Бирок мындай пикирге президенттин басма сөз катчысынын өз жообу бар. Абдил Сегизбаевдин оюнда, оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттары бийлик менен атайын чыр-чатакка жана соттошууларга баруу менен чет жактан каражат издешүүдө:

- Алар материалдарды туура эмес экенин билип туруп жарыялап, соттон уттуруп, ошол аркылуу өзүнүн атын чыгарып, чет өлкөлүк донорлорго же укук коргоочу уюмдарга озүн таанытып, акча тапканга аракеттенишкени байкалат. Журналисттик этиканын принциптерин ыплас бизнеске айландырып койгону көзгө урунат.

“Журналисттер” коомдук бирикмесин башкарган Кубан Мамбеталиев буга макул эмес. Анын пикиринде, кыргыз өкмөтү деле миллиондогон доллар грант алып, бирок андан майнап аз болуп атат:

- Мамлекеттик уюмдар эмне, грант албай жатышабы? Андай болсо биз да айтышыбыз мүмкүн: “Эмне үчүн ошончо акчаны алып туруп, мамлекетти оңдой албай жатасыңар?” - деп. Миллиондогон долларлык каражат алышат. Эл аралык Валюта Фондунан, Дүйнөлүк Банктан, ПРООНдон келген жардамдын баары тең мамлекет тарапка кетип атат. Жалалабаддагы балдардын азыгын чыгара турган ишкананы алалы – 18 млн. доллар. Ошол эле “Гималай” суусун алалык. Канча миллион доллар кетти? Кана ошонун пайдасы?

“Арнамыс” партиясы Абдыгул Чотбаевден 5 млн. сом өлчөмүндө моралдык компенсация талап кылууда. Ал эми “Аргументы и факты” гезитинен 5 сом айыппул өндүрүп берүүнү сурап жатат. Азырынча сот качан болоору белгисиз. Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү, генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаевдин маек жарыялангандан кийин дароо актанып берген жообу жардам береби-жокпу, аны убакыт көрсөтөөр. Ал эми “Аргументы и факты” гезитинин редактору Григорий Павлюк генералдын тили менен “согуштун жүрүшү көрсөтөөр” деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG