Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Кытайда автобус көпүрөдөн кулап, беш киши набыт болду


Мини-автобус Кытайдын борбордук Хенан провинциясында өзөнгө кулап түшкөндө, дагы сегиз киши жараат алды.
Расмий "Дейли Чайна" гезитине ылайык, кырсыктын себеби иликтенип жатат.
Чарчап-чаалыккан айдоочу рулга отуруп, катуу айдап, ошондой эле жолдордун жана автоунаанын эскилигинен улам, Кытайда мындай жол кырсыктары тез-тез болуп турат. Иш жүзүндө, жылыга жол кырсыктарында 100 миң киши курман болгон Кытайдын жолдору - дүйнөдөгү эң каргашалуу жолдордун катарына кирет.

XS
SM
MD
LG