Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

БОРБОР АЗИЯДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН АБАЛЫ КАНДАЙ?


17-сентябрда Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун демилгеси менен Борбор Азия журналисттеринин бешинчи конференциясы башталды. Анда Борбор Азия мамлекеттериндеги сөз эркиндигинин абалы боюнча маселелер талкууга алынууда. Жыйынга катышкандардын көбү сөз эркиндиги боюнча кырдаал беш мамлекетте тең жакшы жагына өзгөрбөгөнүн белгилешүүдө.

Бул жыйынга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Фраймут Дуве да катышты. Ал сөз эркиндиги боюнча абал Борбор Азия мамлекеттеринде ар кандай деңгээлде болгону менен, аймактагы жалпы кырдаал жакшы жагына өзгөрбөй жатканын белгиледи. Мындай пикирин ал журналисттерге берген маегинде да минтип тереңдетти:

- Борбор Азия мамлекеттеринде абал ар түрдүү. Мисалы, Түркмөнстанды алсак, бул өлкөдө адамдардын сөз эркиндигине болгон укугу сакталган жок. Түркмөнстанда бүгүнкү бийлик колдонуп жаткан ыкмалар 30-жылдардагы Германияны эске салат. Кыргызстанда албетте, абал башка. Бирок, тилекке каршы, бул өлкөдө да адамдардын сөз эркиндигине болгон укуктары тебеленген кайгылуу учурлар бар.

Фраймут Дуве мырзанын пикиринде, айрым Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери медиа-ишканаларды түзүү менен массалык маалымат каражаттарына жана алар аркылуу өз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылышууда.

Жыйындын катышуучулары сөз эркиндиги боюнча абал Казакстан менен Кыргызстанда Борбор Азиянын калган үч мамлекетине салыштырмалуу жакшы, ал эми Америка жана Европа мамлекеттерине караганда начар экендигин белгилешти. «Интерньюс-Казакстан» уюмунун өкүлү Сергей Власенконун айтымында, Казакстанда сөз эркиндиги Конституция баштаган ырасмий документтар аркылуу бекемделип, жарыяланганы менен, бийлик уруксат берген чекте гана сын-пикир айтууга болот.

- Конституцияда, массалык маалымат каражаттарында «Казакстанда цензура жок» деп айтылган. Бирок, айрым эркин сын-пикирлер кээ бир саясатчыга же мамлекетке зыян келтирүү катары каралган учурлар кездешүүдө. Мындай учурда, тилекке каршы, сөз эркиндиги бар деп айтуу кыйын.

Сергей Власенко эркин басма сөзгө жана журналисттерге каршы казак бийлиги тарабынан жасалып жаткан куугунтук катары белгилүү журналист Сергей Дувановдун азыр камакта жатканын мисалга тартат. Айтмакчы, кесиби боюнча юрист Сергей Власенконун өзү президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиев менен «Интерньюс-Казакстандын» ортосунда жүргөн сот жараянында уюмдун таламын коргогон.

Өзбекстандык журналист Татьяна Яковлева мамлекеттик кызматкерлер басма сөзгө эркиндик берүүнү каалабай жатканын айтат:

- Өзбекстандагы массалык маалымат каражаттарынын абалын жакшы деп айтыш кыйын. Анткени өкмөт тарабынан маалымат базарын либералдаштырууга аракеттер көрүлүп, мыйзамдар кабыл алынып жаткансыган менен, эркин басма сөздүн өнүгүшүнө бут тоскон учурлар өтө көп.

Татьяна Яковлева бир катар бейөкмөт уюмдар жана эркин басылмалар сунуш кылган «Маалымат алуу эркиндиги жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун бийлик колдоого албаганын мисал келтирет. Яковлеванын пикиринде, Өзбекстанда журналисттик кесип коркунучтуу кесиптердин бири бойдон калууда, аны азыр 13 журналисттин түрмөдө жатканы эле айтып турат.

Кыргызстандагы абал боюнча сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Аскар Айтматов өлкөдө 700дөн ашуун массалык маалымат каражаттары каттоодон өткөнүн, бул көрүнүш демократиянын жетишкендиги катары бааланаарын белгиледи:

- Кыргыз өкмөтү массалык маалымат каражаттарын ар тараптуу колдоого алып келатат. Бул - мамлекеттик саясаттын урунттуу бөлүгү. Сөз эркиндиги бизде реалдуу бар жана бул демократиялык жеңиштерибиздин бири болуп эсептелет.

Орусиянын бул жыйынга катышкан өкүлү, Экстремалдык журналистика борборунун жетекчиси Олег Панфилов «Борбор Азия мамлекеттеринде сөз эркиндигинин абалы оор бойдон калууда» деп, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу:

- Бул мамлекетти «демократия аралчасы» деп айталбайт элем. Анткени буга бир топ негиздер бар. Азыр ошол аралчанын бир бөлүгү гана калды го, - деген пикирин айтты.

Борбор Азия журналисттеринин V конференциясы 18-сентябрда аяктайт.
XS
SM
MD
LG