Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

МЫРЗА Ф.ГАФНИ ПРЕЗИДЕНТ БУШТУ ИСЛАМ УЮМДАРЫН ЫЛГАП МАМИЛЕ КЫЛУУГА ЧАКЫРАТ


Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштун америкалык араптар жана мусулмандардын ири уюмдары менен кызматташуусу айрым бирөөлөргө көп жага бербеген сыягы. Алардын бири, Вашингтондогу Коопсуздук саясаты борборунун президенти Франк Гафнинин жазышынча, Жорж Буш азыркыдай радикал-солчул ислам уюмдары менен эмес, алардын байистүүлөрү менен мамиле түзгөнү жөндүү.

Эки-үч күн мурда “Вашингтон Пост” гезити өз баяндамачысы жана Коопсуздук саясаты борборунун президенти Франк Гафнинин “Ортомчулук саясаты” деген макаласын басты. Макала “Кээде оболу өтө ишенимдүү көрүнгөн саясый оюн да ойрон болот. Өзгөчө, ага АКШнын президенти аралашкан болсо” деп башталат.

Автордун жазышынча, жоопкерчилик унутулуп, Буштун саясый командасынын шайлоо стратегиясында кыпындай да өзгөрүү болбой, алар америкалык мусулман жана араб шайлоочулары менен демөөрлөрдү чет элдиктер негиздеген фондулардын арачылыгы менен өзүнө тартууга аракеттенип жатканда бул тууралуу коомчулукка айтуу зарыл.
Анткени, мындай уюмдардын айрымдарын америкалыктарды жек көрүшкөн жана исламдын догмаларын ташбыйкатташкан радикал-солчул инсандар жетектейт.

Гафнинин байкашынча, солчул ислам уюмдары менен “ойноо” тээ 2000-жылы Жорж Буштун кеңешчилери Түндүк Американын ислам коому-ISNA, Америкалык мусулмандар кеңеши-AMC, Америкалык-исламдык байланыштар кеңеши-CAIR сыяктуу опурталдуу уюмдардын өкүлдөрүн Остин шаарына чакыруусунан башталат. Буш ал кезде Техас штатынын губернатору болчу.

Буш президенттик шайлоо өнөктүгү кезинде ислам ишмери Сами ал-Ариан менен кездешип, андан жардам алат жана мырза ал-Ариандын федералдык сот органдарына “жашыруун күбөлөрдү” пайдаланууга тыйуу салуу жөнүндөгү сунушун колдойт.
Ал эми Ак Үйдүн төрүн ээлегенден кийин ISNA, AMC, CAIR дагы башка ушул өңдүү уюмдарды жана Сами ал-Ариан сындуу инсандарды кабыл алып жолугушат.

АКШны кара кийгизген 2001-жылдын 11-сентябрында президент Буш алардын кээ бирөөлөрү менен кездешип, жашыруун күбөлөрдү колдонуу жана шектүү террорчулардын ишин тергөө учурунда баалуу маалыматтарды коргоо жөнүндөгү жоболорду токтотуучу мыяткерлерди каржылоо маселесин сүйлөшмөк.

11-сентябрдан кийинки коогалуу күндөрү да ислам радикалдарын колдогон уюмдардын өкүлдөрүнүн федералдык мекемелерге кирүүсү токтотулбаган деп убайым кылат Гафни мырза.

Ал-Ариан ага 40ка жакын, анын ичинде ондогон жылдар палестиналыктардын “Ислам жихады” уюмун Түштүк Флорида университетиндеги кеңсесинен жетектеген деген күнөө коюлуп, абактан күрөө төлөп чыгуусуна тыйуу салынгандан кийин гана федералдык мекемелерге барбай калган.

Мусулмандарга болгон жылуу-жумшак мамиле мыйзамга ылайыктуу жана мактоого татыйт. Бул президент Буштун терроризмге каршы согуш исламга каршы уруш эмес деген мүдөөсүн даңазалоо үчүн жасалды деп бүтүм чыгарат автор.

Исламчылар, Гафнинин тастыкташынча, Ак Үйдөгү, өкмөттөгү жана Федералдык чалгындоо кызматындагы кездешүүлөрдү террорчулукка каршы колдонуучу техникаларды иштен чыгаруу, расалык жана этностук маселелерди козгоо, өздөрүн мусулман жамааттарынын жетекчилери катары коомчулукка шарданалоо үчүн пайдаланышкан. Кызык, Гафни байкаган бузукулукту, ФБР кантип билбей калды экен?

Исламчылардын кара санатай максаты өткөн шаршемби күнү Конгресстин террорчулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин алдындагы аризоналык республикачыл сенатор Жон Кийл жетектеген бөлүмдө болгон талкуу учурунда ашкере болду деп сүйүнөт Гафни мырза.

Сауд Арабиясы Америкалык-исламдык байланыштар кеңеши сыяктуу уюмдарды өз таасирин күчөтүүнүн максатында каржылаганы аныкталгандан кийин гана күбөлөр менен сенаторлор CAIRди анын экстремистчил максаттары жана ХАМАС өңдүү террорчул уюмдарды колдогону үчүн сыртынан жектешти дейт автор.

Буштун администрациясынын ушул сындуу мусулман уюмдары менен кызматташуусу өзүн саясый жактан актабаганын ырастаган дагы бир олуттуу далил катары Гафни эки жума илгери Чикагодо өткөн мусулман жамааттарынын жыйынын мисал кылат.

Чикагодо, Франк Гафнинин жазышынча, миңдеген келгин жана кара мусулмандар жыйындын күн тартиби боюнча жалпы бир пикирге келе алышпагандыктан, эки башка чогулушкан. Мунун өзү америкалык мусулмандар жамааты бирдиктүү эмес экенин күбөлөйт. Бирок эки топ 2004-жылы Жорж Бушту кайра шайлантпоо үчүн 1 миллион мусулмандын каршы добуш берүүсүнө жетишебиз деп, окшош чечим кабыл алган.
Ошон үчүн, президент радикал ислам уюмдарын коюп, алардын байистүүлөрү менен кызматташканы жөн деп аяктайт макала.
XS
SM
MD
LG