Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

ИРАК ИШТЕРИНЕ КОШУМЧА КАРАЖАТ БӨЛҮҮ ТУУРАЛУУ ТАЛКУУ КОНГРЕССТЕ ООР БОЛО ТУРГАНДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага 17-сентябрда АКШ президенти Жорж Буш Конгресске кайрылып, Ирак жана Ооганстандагы абалды калыбына келтиирүү үчүн кошумча 87 миллард доллар сурады. Америкалык эксперттердин айтымында, бул маселе боюнча Конгресстеги талкуу абдан оор боло тургандай.

Ирак менен Ооганстандагы иштер үчүн деп америкалык Конгресс үстүбүздөгү жылдын башында өкмөткө 79 миллиард доллар бөлүп берген, анын 50 миллиардга жакыны Ирактагы согуш жана согуштан кийинки иштерге жумшалган. Өткөн аптада президент Жорж Буш дагы 87 миллиард доллар сурай турганын билдирген жана 17-сентябрда ал тууралуу расмий талап Конгресске жөнөтүлдү. Бул каражат 2007-жылга чейин пайдаланылат.

Суралган акчанын 66 миллиард доллары аскерий жана чалгындоо иштерине жумшалат, анын 51 миллиарды Ирак үчүн бөлүнөт. Дагы 20 миллиард 300 миллион доллар - Ирактын чарбасын калыбына келтирүү иштерине пландаштырылган, анын ичинде эки миллиард 100 миллион доллар өлкөнүн инфраструктурасын оңдоого жумшалмакчы. Ооганстандагы абалды калыбына келтирүү үчүн 800 миллион доллар бөлүнөт.

Ага кошумча америкалык башкаруучулук Ирактын мунай өндүрүшүнөн 2004-жылы дагы 12 миллиард доллар пайда табууну күтүүдө, андан кийин болсо мунайдан ар жыл сайын 20 миллиард долларга чейин түшүп турмакчы жана бул акчанын баары өлкөнүн чарбасын көтөрүүгө жумшалат. Андан тышкары АКШ эл аралык коомчулуктан дагы жардам суроодо жана октябрда Мадрид шаарында донор өлкөлөр менен уюмдардын атайын конференциясы өткөрүлөт.

Иракка жардам көрсөтүү маселеси 16-сентябрда Нью-Йоркто ачылган Бириккен Улуттардын жалпы сессиясында да талкууланат жана 23-сентябрда сессияда президент Буш чыгып сүйлөйт. Ирак согушун баштаар алдында америкалык президент Бириккен Улуттарды эч нерсеге жарабаган уюм деп атаган, бирок согуштан кийинки абал өтө оор чыгып, күн сайын америкалык аскерлерге Иракта 10-15 жолу кол салуу болуп жатканда жана өзгөчө АКШ күтүлбөгөн өтө көп чыгым тарткандыктан, Вашингтон кайрадан эл аралык коомчулукка кайрылууда.

Америка Кошмо Штаттарынын бюджеттик тартыштыгы азыр 525 миллиард долларга тете жана Ирак менен Ооганстанга дагы ондогон миллиард доллар бөлүү өлкө экономикасы үчүн бир кыйла оор жүк. Ирактын өзүнүн жакшылыктуу экономикасы жок болуп чыкты жана 2004-жылга даярдалган мамлекеттик бюджет долбоорунда киреше катары мунайдан түшө турган 12 миллиард жана Бириккен Улуттар Уюмунан алына турган бир миллиард 300 миллион доллар гана жазылган.

Ошондуктан Конгресс суралган 87 миллиард долларды акыр-аягында бөлүп берсе дагы, ал тууралуу талкуу бир кыйла татаал боло тургандай. Конгрессмен Дэвид Обинин айтымында, талкуу акча жөнүндө эмес, талкуу саясий болмокчу, анткени 2004-жылы өтө турган президенттик шайлоо алдында оппозиция президенттин бардык каталарын пайдаланууга аракеттенет. Кээ бир саясатчылардын пикиринде, Мадрид жыйынын дагы кийинкиге калтыруу керек, ал эми Иракта согушуп жаткан аскерлердин туугандары бир нече уюм түзүп, согушка каршы чыга баштады.

Анткен менен Америка калкынын кеңири катмарлары Ирак маселесине жалпысынан кош көңүл. Мисал үчүн жакында өткөрүлгөн бир сурамжылоо учурунда суралгандардын 70 пайызы - 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган террордук чабуулдарды уюштурууга Саддам Хусейн катышкан деп жооп берген. Ошондуктан президент Буш 17-сентябрда атайын билдирүү жасап, андай эмес деп айтууга аргасыз болду: "11-сентябрдагы чабуулдарга Саддам Хусейндин тийешеси бар экени тууралуу бизде маалымат жок. Бирок вице-президенттин айтымында, 'ал-Каидa' уюму менен анын байланыштары болгон. Ал тууралуу күмөн санабай эле койсо болот".

Ирак жетекчилиги эл аралык террорчулукту колдойт деп Буш 2002-жылдын башында эле айткан жана ага Иран менен Түндүк Кореяны кошуп, аларды "балакеттин үчилтиги" деп атаган.

XS
SM
MD
LG