Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

ИРАКТЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ УЛУТТАР УЮМУНА ӨКҮЛДӨРҮН ЖИБЕРЕТ


Байян Жумакадыр кызы, Прага Ирактын АКШ дайындаган аткаруучу кеңеши Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйынына өзүнүн өкүлдөрүн жиберет. Улуттар Уюмунун дипломаттарынын айтымында, Ассамблеянын министрлер жыйынына Ирактын Башкаруучу Кеңешинин төрагасы Ахмад Чалаби жана тышкы иштер министри Хошияр Зебари келишет. Азыркыга чейин Ирактын Улуттар Уюмундагы ордун Саддам Хусейиндин учурунда иштеген дипломат Саид Шихаб Ахмад ээлеп, Ирактын БУУдагы өкүлүнүн милдетин аткарып келди.

Ирак Улуттар Уюмуна 1945-жылдан бери мүчө жана Саддам Хусейин кулатылганына карабастан, азыркыга чейин Ирактын БУУдагы өкүлүнүн милдетин Хусейиндин режиминин учурунда иштеген дипломат аткарып келди. Шейшемби күнү Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын ачылыш аземинде да Ирактын ордунда дипломат Саид Шихаб Ахмад отурду.

Ирактын Башкаруучу Кеңешинин БУУнун министрлеринин жылдык жыйынына кеңештин төрагасы Ахмад Чалабини жиберүү чечими Кеңеш Араб Лигасы тарабынан убактылуу болсо да расмий таанылгандыгына байланыштуу кабыл алынып отурат. Андан мурдараак болсо Мунай Экспорттоо боюнча Кызматташуу Уюму ОПЕК Ирактын мунай министрин уюмдун жыйынына катышууга чакырган. Араб Лигасы 9-сентябрда кабыл алган чечиминде Лигага убактылуу өкүлүн жиберүүгө Иракка уруксат берген. Лига Башкаруучу Кеңештин Иракта мыйзамдуу өкмөттү түзүү аракеттерине жараша өлкөнүн Араб Лигасындагы өкүлү жөнүндөгү чечимин кайра карап чыга тургандыгын билдирген.

Ирак БУУнун Башкы Ассамблеясынын министрлер жыйынында сөз сүйлөй турган 185 кишинин тизмесинин эң соңуна тиркелди. Дебаттарга Ирактын атынан ким чыгаары белгисиз. Анткени Ирактын кезеги келчү 2-октябрда өлкөнүн Башкаруучу Кеңешинин төрагалыгы ротациялык ыкма менен Ияд Аллавиге өтмөкчү. Аллавинин Нью Йоркко келеер-келбеси белгисиз.

Ирактын Башкаруучу Кеңешинин БУУга өз өкүлдөрүн жиберүү чечимине Коопсуздук кеңешине мүчө Сириянын өкүлү Файзал Мехдад комментарий берүүдөн баш тартты. Ал тек гана: "Биз араб мамлекеттеринин Каирде кабыл алган чечимин урматтаганга милдеттүүбүз" – деп айтты. Азырынча, Башкаруучу Кеңештин Ирактын БУУдагы ордун ээлөө ниетине уюмдун бир да мүчөсү каршылыгын билдирген жок. Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Ирактагы бийликти Башкаруу Кеңешине өткөрүп берүүнү талап кылып жатышканына караганда, мындай талашты эч ким чыгара койбос. Коопсуздук кеңеши ошондой эле Ирактагы абалды турукташтыруу үчүн эл аралык бейпилдик күчтөр сөзсүз БУУнун мандаты менен жиберилиши керек деп эсептейт.

Иракта эл аралык бейпилдик күчтөрдүн жайгаштырылышын көптөгөн өлкөлөр колдоп жатышат. Азыркыга чейин Ирактагы бейпилдик миссиясына катышууга 30 өлкө ниетин билдирди. Алардын айрымдары өлкөгө аскерлерин жиберүүгө үлгүрүшкөн. Азыр Кошмо Штаттар Индия, Пакистан, Орусия, Франция жана Германияны контингентке өз аскерлерин кошууга көндүрүү менен алек. Бирок өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү аскерлерин БУУнун мандаты менен гана жибере турганын айтып жатышат.

Ошентсе да Иракка аскер жиберүүгө ниеттенген өлкөлөрдүн катарында Ирактагы абалдын турукташуусунан эң көп пайда көрө турган араб өлкөлөрү көрүнбөйт. Аналитиктер Ирактагы согушка караманча каршы чыккан араб мамлекеттери бейпилдик күчтөрүнө катышуу менен британдык-америкалык коалициянын Ирактагы согушун мыйзамдаштыргысы келбей жатышканын айтышат. Лондондо жайгашкан Коргоо тармагын Изилдөө Институтунун аналитиги Даниел Ниип мындай дейт.

- Араб мамлекеттери АКШнын Ирактагы оккупациясын кайсы бир дэңгээлде легитимдештирген иш-чаралардын баарын колдоодон качышат. Ирактын Башкаруучу Кеңешин алар убактылуу таанышты. Ирактын өкүлүнө ОПЕКтин жыйынына катышуу ураксаты да анчейин каалабастык менен берилди.

Ал эми Женевадагы Коопсуздук Саясаты Борборунун кызматкери Жулиан Линдли араб мамлекеттери Ирак маселесиндеги позициясын Ирактын мыйзамдуу шайланган өкмөтүнүн саясаты кандай болоорун таасын билгенде гана өзгөртүшү мүмкүн деп кошумчалайт.

XS
SM
MD
LG