Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

МАСКӨӨДӨГҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН 2200 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛАТ


Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын ноябрь айында Бишкекте өтө турган Эл аралык конференция жыйынтыктайт. Ага чейин октябрь айынын башында бул мааракеге байланыштуу эл аралык конференция Франциянын ордо шаарындагы Сорбонна университетиинде өтөт. Анын алдында боло турган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын кезектеги отурумунда да Кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу маалымат угулат. Ушул эле мааракенин алкагында 22-сентябрда Маскөөдө Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы маданият күндөрү башталат.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун бейшемби күнү журналисттерге маалымдашынча, Маскөөдө Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы маданий күндөрүнүн ачылышына президенттер Аскар Акаев менен Владимир Путиндин катышуусу күтүлүп жатат. Бул иш-чарага катышуу үчүн Президент Аскар Акаев жетектеген расмий делегациядан тышкары 200дөй маданият ишмерлери Орусиянын борбор шаарына барышат. Төрт күнгө созула турган маданият күндөрүндө өнөрпоздор өлкөнүн он эки жыл ичиндеги музыка, көркөм өнөр, китеп, кино, сүрөт тармагындагы жетишкендиктерин, Кыргыз мамлекетинин байыркы тарыхый баскычтарын чагылдырышат.

Кыргызстан маданий жетишкендиктерин өзүнчө жумурият катары Орусияга алгачкы жолу 1939-жылы тартуулаган. Ал даңазалуу он күндүккө (“декада”) Саякбай Каралаев, Карамолдо Орозов өңдүү чыгаан өнөрпоздор катышкан. Ал эми кыргыз элинин Орусия менен жалпы карым-катышынын башаты мындан эки кылым мурда Атаке Баатырдан башталгандыгы тууралуу оюн мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов минтип билдирди:

- Атаке Баатыр илгери, мындан эки кылым мурда элчилерди жөнөтүп, алар Санкт-Петербургга чейин жеткен экен. Барып келгенге эки жыл убакыт кеткен экен. Бул өзүнчө роман кылып жазууга татыктуу тарых. Ошол Атаке Баатыр ачкан жол биз үчүн мурас, тарыхый насыят катары карап келатабыз. Аскар Акаев өзүнүн Россияга багытталган саясатын ушундай негиздегени бар.

Эки мамлекеттин жылуу мамилесинин бир белгиси катары бааланып жаткан азыркы маданият күндөрү болсо Орусиядагы мындай бешинчи жолку иш чара жана адистер быйылкы маданият күндөрү мурдагылардан көп кырдуулугу менен айырмаланаарын айтышууда. Билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын билдиришинче, Кыргызстан бул иш чаралар аркылуу өлкөнүн жаштыгына, келечегине жана өткөн тарыхына таандык өзгөчөлүктөрдү, маданий байлыгынын дараметин Орусиялык көрөрмандарга жеткирүү аракетин жасайт. Ошондой эле кыргыз тарап маданият күндөрүнөн кызматташтыктын жаңы багыттарынын аныкталышын күтүүдө.

- Биз Маскөөлүк көрүүчү аркылуу көбүрөөк мактоого ээ болууну каалап жатабыз, - дейт Ишенгүл Болжурова. – Балким, кийинчерээк коммерциялык көргөзмөлөрдү уюштуруу тууралуу Маскөө же башка чет өлкөлөрдүн шаарлары менен келишим түзүшүбүз ыктымал. Бул жагынан маданият күндөрү эл аралык көрүүчүлөрдү табууга терезе болуп бериши да мүмкүн.

Кыргызстандагы өнөрпоздор чөйрөсү Кыргызстан сунуштап жаткан маданий көргөзмөлөрдүн ичинен «Байыркы Кыргызстан» аттуу көргөзмө маскөөлүк көрөрмандарды кайталангыстыгы менен кызыктыраарына үмүттөнүп турат. Анткени, кыргыздын байыркы журт экендигин даңазалоо максатын көздөгөн бул көргөзмөгө биздин заманга чейинки алтынчы кылымдан берки археологиялык эстеликтердин түп нускаларын коюлат. Маселен, министр Болжурованын айтымында:

- Кремлде «Курал-жарак палатасы» деп койот, ошол жерде «Байыркы Кыргызстан» деген көргөзмө уюштурабыз. Ал жерге биздин заманга чейинки 6-кылымдан баштап биздин замандын 12-кылымына чейинки көрүнүктүү буюмдарды, табылгаларды алып баратабыз. Аларды алтын, коло, чопо буюмдары деп үчкө бөлсө болот. Айнектен жасалган дагы бир кайталангыс идишибиз бар. Көргөзмөбүздүн эң башкы идеясы – байыркы эл экенибизди көргөзүү.

Кесиби боюнча тарыхчы министр айымдын маалымдашынча, көргөзмөгө буга чейин башка музейлердин биринде да жолуга элек колодон жасалган скифтик буюмдар, канжарлар, шаймандар, асыл таш чөгөрүлгөн алтын жасалгалар, аялдын алтын беткеби, ат жабдыктар, кыздардын алтын топусу, шакек, сыргалары, асылташ билериктер өңдүү сейрек буюмдар москвалык көрүүчүлөргө сунушталат. «Маскөөдөгү көрүүчүлөрдү сыйлап, көчүрмө нускаларды эмес, буюмдардын түп нускасын алып баратабыз», - дейт Ишенгүл Болжурова.

Мындан тышкары чакан бутпарас эстеликтери да көргөзмөгө коюлат. Кыргызстан тараптын маалымдашынча, булар – Кыргызстандын Улуу Жибек жолунун тоомунда турганын дагы бир ирет далилдеген табылгалар.

Маданият күндөрү Маскөөдөгү Чайковский атындагы концерттик залда Кыргызстандын өнөр чеберлеринин концерти менен аяктайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG