Муну ал кечээ ырасмий түрдө жарыялады. Кларк Арканзас штатынан болот, вьетнам согушунун ветераны, бир канча жыл НАТОнун Европадагы аскерлерине колбашчылык кылган. Ирактагы согушка активдүү каршы чыккан. Кларк демократиялык партиядан президенттикке кандидат болгусу келген онунчу талапкер.