Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 18-сентябрда ишин жыйынтыктаган Борбор Азия маалымат каражаттарынын 5-конференциясында «Бишкек декларациясы» кабыл алынды. Анда маалымат каражаттары аймактагы мамлекет башчыларынын жана алардын үй-бүлөсүнүн экономикалык кызыкчылыгына көзөмөл жүргүзүүчү милдетти аткарууга толук укуктуулугу белгиленди. Жыйынтыктоочу документте, ошондой эле, коомдук мааниси бар маалыматтарды журналисттердин өз убагында алып, таратып туруу укугунун бузулуп жатканы, Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы анчейин жакшырып кетпегендиги да айтылды.

«Бишкек декларациясынын» биринчи пунктунда аймактагы президенттердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн экономикалык кызыкчылыгына жана алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди маалымат каражаттары чагылдырып турууга мүмкүнчүлүк алууга тийиш деп айтылган.

Жыйындын катышуучулары бул маселеге бекеринен басым жасап отурган жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Фраймут Дуве 17-сентябрда журналисттерге берген маегинде Борбор Азия президенттери медиа-ишканаларды түзүү менен өз өлкөсүндөгү сөз эркиндигин ооздуктоого аракет жасап жатат деген болчу. 18-сентябрда болсо Фраймут Дуве мырза мисал катары Кыргызстандагы абалга токтолду:

- Авиабазанын ишин журналисттер сынга алууга укуктуу, анткени, азыркы дүйнөдө президент жана анын үй-бүлөсүнүн ар кандай иш аракеттери коомчулук тарабынан ар дайым сынга алынууга тийиш.

«Бишкек декларациясында» белгиленгендей, аймактагы журналисттер коомдук мааниси бар маалыматтарды алууда мамлекеттик кызматкерлердин бут тосууларына тушугуп келишет. Тажикстандык журналист Наргиз Закирова беш мамлекетке тең мүнөздүү көрүнүш тууралуу мындай пикирин айтат:

- Менимче, Тажикстанда өкмөткө тиешелүү маалыматтарды алуу маселеси бар. Чыныдыгын айтканда, Тажикстанда маалымат алууга ачык деле тоскоолдук жок. Маалымат сураган журналистке эч убакта «жок» дешпейт, бирок, ошол учурда керектүү маалымат алуу кыйын. Анткени, майда аткаминерлер министрге, төрагага шылташат. Ал эми министр же төраганы ордунан кармаш дегеле мүмкүн эмеc.

Өзбекстандык журналист Сергей Ежов кандай гана каардуу режимде жашабасын, журналист өз ой-пикирин ачык айтууга үйрөнүүгө тийиш, анын кесиптик чеберчилиги мына ошондо эмеспи дейт:

- Мен көп жылдан бери өкмөттүк гезитте иштейм. өкмөттүк гезитте иштеп туруп өз өкмөтүмдү сындап келем. Буга чет элдиктер да таңгалышат. Бирок, менин башка гезитим жок. Журналист кайсы коомдо жана мыйзамда болбосун иштөөгө үйрөнүү керек. Мамлекеттик кызматкерлер маалымат бербейт дегендерге да кошула албайм. Журналисттин чеберчилиги ошол жок жерден маалымат таап чыккандыгында эмеспи!

Москвалык талдоочу Олег Панфиловдун айтымында, Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы камчысы катуу режимдерге эле эмес, өз укугун коргоону билбеген жана кесиптик чебепчилигин артырууга көп баш оорута бербеген журналисттерге да байланыштуу:

- Борбор Азия журналисттерине айтаарым: аймактагы президенттер «биз мыйзамдуу шайланганбыз» деп айтканды жакшы көргөндөй эле, силер да мыйзамдуу иштеп жатканыңарды белгилеп турсаңар дейт элем. Азырынча андай болбой жатат. Журналисттердин 90 пайызы мыйзамдарды окуп чыккан эмес.

Жыйында ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Фраймут Дуве аймактагы президенттик түзүлүш кейпиндеги “феодалдык” бийликтер акыркы заманбап ыкмаларды пайдаланып, адамдардын сөз эркиндигине болгон укуктарын тебелеп жаткандай таасир бар деп белгиледи. «Бишкек декларациясында» болсо журналисттерге бийлик тарабынан жасалып келаткан ар-кандай бут тосууларды токтотуу тууралуу чакырык камтылды.
XS
SM
MD
LG