Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Ысыккөл облусунда болду


КАРАКОЛ. Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Евгений Шмагин бүгүн Ысыккөл облусунда болду. Ал бул жерге Москвадагы ишкердик жана укук институтунун Караколдогу бөлүмүнүн ректору, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Таалайбек Абдылдаевдин атайын чакыруусу менен келди. Элчи бул окуу жайынын материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Орусиянын элчисине бул окуу жайынын ардактуу профессору деген наам ыйгарылды. Е. Шмагин коомчулуктун өкүлдөрү менен да жолугушуп, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык, социалдык жана маданий кызматташтык тууралуу кеңири маалымат берди.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Азиза Турдуева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG