Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:48

Кыргызстандын мунай трейдерлери күйүүчү-майлоочу майга акциз салыгын азайтууну сунуш кылышууда


БИШКЕК. «Азыр Казакстандын мунайга болгон ички керектөөсү толук канааттандырылып, орусиялык жана казакстандык ишканалар Кыргызстанга кайрадан күйүүчү, майлоочу май сата башташты. Буга байланыштуу октябрдын ортосуна чейин Кыргызстанга аткезчилик жол менен кошуна өлкөлөрдөн мунай ташып келүү көбөйүп, күйүүчү, майлоочу майдын баасы арзандайт. Ал эми аткезчилик жол менен мунай ташууну азайтыш үчүн 2004-жылдын 1-январынан баштап күйүүчү жана майлоочу майга карата акциз салыгынын өлчөмүн азайтуу зарыл», - деп билдирди Кыргызстандагы Мунай трейдерлер ассоциациясынын президенти Олег Забара бүгүнкү маалымат жыйынында. Анын айтымында, бензинге салынчу акциз салыгынын өлчөмүн 1500 сомдон 1000 сомго, ал эми майлоочу майга акциз салыгынын өлчөмүн 500 сомдон 300 сомго азайтуу керек. Ал өлкөдөгү жергиликтүү салыктардын өлчөмүн да азайтуу зарылдыгын белгиледи. Олег Забаранын айтымында, Мунай трейдерлер ассоциациясы мунай ташуучу 9 ишкананы бириктирет жана Кыргызстандын күйүүчү, майлоочу майга болгон муктаждыгын 70% чейин канааттандырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG