Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Ялтада КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн Ялтада Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны болду. КМШнын өкмөт башчылары Шериктештиктин алкагында түзүлгөнү жаткан эркин соода аймагына байланыштуу документтерди талкуулашты. Бул жөнүндө бүгүн премьер-министрдин маалымат кызматы билдирди. Ушул эле күнү президент Аскар Акаев баштаган делегация КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын эртең Ялтада боло турган жыйынына катышканы жөнөп кетти. Делегациянын курамында вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, коргоо министри Эсен Топоев жана башкалар бар. Эртең КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагында эркин соода аймагын түзүү ниети жөнүндөгү меморандумга кол коюшу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG